08
Июнь
2015
Премьер-министр Темир Сариев Душанбе шаарында өтчү “Суу-жашоо үчүн” конференциясына катышат
Бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев расмий сапар менен Тажикстанга кетти. Сапардын алкагында, Өкмөт башчы Душанбе шаарында өтчү "Суу-жашоо үчүн” аталышындагы эл аралык долбоордун он жылдыгына арналган жогорку деңгээлдеги конференцияга катышат.
Муну менен катар Тажик Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Премьер-министр Кохир Расулзода жана Олий Мажлистин Төрагасы Шүкүржон Зухуров менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү