06
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев: “Мамлекет менен бизнес тең укуктуу өнөктөш катары иш алпарышы керек”
Бүгүн, 5-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Өкмөт алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү.
Анда аталган кеңештин 18-мартта өткөн XII жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, Ишкердикти өнүктүрүү боюнча фонддун ишмердиги, Чакан ГЭС өнүктүрүү боюнча маселелер, кымбат баалуу металлдар базардын көйгөйлөрү жана өлкөдөгү сүт чарбасын өнүктүрүүгө байланыштуу демилгелер талкууланды.
Жыйынды ачып жатып, Премьер-министр өлкө экономикасындагы ишкердиктин орду чоң экенин билдирип, Өкмөт бул тармакка колдоо көрсөтүү үчүн бардык чараларды көрүшү керектигин белгиледи:
“Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу ири экономикалык пайда алып келет. Муну биз толугу менен колдонуп калышыбыз керек. Кыргызстанда банк-финансылык чөйрөдөгү мыйзамдар либералдуу. Дүйнөдөгү кырдаалды эске алганда биз аймактагы “каржылык терезеге” айланууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар”-деди Премьер-министр.
Премьер-министр белгилегендей, учурда Өкмөт инвесторлорду тартуу, лизенция берүүдөгү ачыктыкты камсыз кылып, тоо кен чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу аракети көрүлүп жатат.
Ошондой эле Өкмөттүн чечим кабыл алуу мөөнөтүн тездетүү менен реформаларды жаңы деңгээлге чыгаруу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Буга мисал катары Өкмөттө коррупцияга каршы ишмердикти мониторинг кылчу жаңы бөлүм түзүлгөнүн премьер-министр кошумчалады.
Темир Сариев кеңеш бизнестин маселелерин талкуулоочу ачык аянтча экенин жана мында өкмөт жана ишкерлер бирдей укуктагы өнөктөш экенин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт алдындагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин катчысы Таалайбек Койчуманов кеңештин 2015-жылдын 18-мартында кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы боюнча баяндама жасады. Таалайбек Койчуманов жыйында коюлган тогуз тапшырманын жетисин аткаруу боюнча иштер жүрүп жатканын, анын алкагында ювелирдик, эт чарбасын өнүктүрүү боюнча бир катар өкмөт токтомдору даярдалганын маалымдады.
Премьер-министр аталган кеңеште кабыл алынган ар бир токтомду мөөнөтүндө аткаруу зарылдыгын белгиледи.
Жыйында Премьер-министр Дүйнөлүк банк ишке ашырууну көздөп жаткан Кыргызстандагы сүт чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорду оңунан баалады. Мындай долбоор Евразия экономикалык биримдигине кошулууда өзгөчө мааниге ээ экенин Темир Сариев белгиледи.
Жыйындын соңунда өкмөт башчысы Энергетика министрлиги жана Экономика министрлигине Чакан ГЭСтерди колдоого алуу боюнча программаны бир айдын ичинде иштеп чыгууну, эки айдын ичинде Финансы министрлиги жана Экономика министрлигине жана “Кыргызалтын” ишканасы биргеликте жергиликтүү ювелир колдоо үчүн сырье маселесин чечүүнү, Дүйнөлүк Банктын сүт чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорун эске алуу менен он күндүн ичинде сунушталган долбоорду баштоого, он күндүн ичинде Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешти түзүү, Социалдык фондго үч күндүн ичинде ишкерлердин социалдык төлөмдөрүн төлөө боюнча маселени чечүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 56861,56862,56863,56864,56865,56866,56867,56868,56869,56870" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү