08
Май
2015
Премьер-министр Т.Сариев Ош шаарында жазгы талаа жумуштарын өткөрүү маселесине арналган селектордук кеңешме өткөрдү
Бүгүн, 7-майда, Ош облусу жана Ош шаары боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош шаарында жазгы талаа жумуштарын өткөрүү маселесине арналган селектордук кеңешме өткөрдү.
Премьер-министр селектордук кеңешмени ачууда билдиргендей, өткөн жылкы кургакчылыкка себептүү Кыргызстандык айыл чарба тармагы үчүн катаал жыл болду. "Ошол эле учурда өз милдеттерине карата шалаакылык менен мамиле кылган учурлар да орун алгандыгын танууга болбойт", - деп билдирди ал.
Өкмөт башчы эскерткендей, 2014-жылы 5,5 млрд сом өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредиттер берилген. "Бирок учурда өлкөнүн айрым райондорунда жазгы талаа жумуштары боюнча коюлган пландар толугу менен жана өз мөөнөтүндө жыйынтыкталбай жатат", - деп эсептейт Темир Сариев.
Ал белгилегендей, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө үч долбоор алкагында 1млрд 277 млн сом бөлүнүп, анын 170 миллиону талаа жумуштарын өткөрүүгө багытталган. "Берилген кредиттердин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында аларды берүүнүн жаңы талаптары киргизилген", - деди Премьер-министр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул тууралуу калкты маалымдоо жаатындагы ишин сынга алды.
Өкмөт башчы ошондой эле Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба техникасын лизингге берүү боюнча жүргүзгөн ишине нааразычылыгын билдирди. "Быйылкы жылы өлкөгө 860 техника бирдиги келет, бирок азыркы күндө анын 104ү гана колго берилген”, - деди ал жана тийиштүү мамлекеттик органдарга техниканы лизингге алуу шартын карап чыгуу жана бул боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле Темир Сариев айыл чарба продукциясынын зыянкечтерине каршы күрөшүү ишин күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи. "Финансы министрлиги учурда бул максатта10,8 млн сом бөлгөн. Биз ыкчам түрдө бул маселени чечүүбүз керек, болбосо эгиндин көпчүлүк бөлүгү жабыркайт", - деди ал жана Айыл чарба жана мелиорация министрлигине бөлүнгөн каражаттын натыйжалуу жумшалышына көзөмөл кылууну тапшырды. Ошондой эле Өкмөттүн Аппаратына иштердин аткарылышын мониторингдөө жүктөлдү.
Премьер-министр акимдерге жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ирригациялык тутумдарды тазалоо, каналдарды реконстртрукциялоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Мындан тышкары, Өкмөт башчы эгин себүү иштеринде жаңы технологияларды киргизүү жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Андан соң жазгы талаа жумуштарын өткөрүлүшү боюнча айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев баяндама жасады.
Премьер-министр айыл чарба министринин баяндамасын сынга алып, өзгөчө айыл чарба тармагындагы инновациялык ыкмалар боюнча так маалыматынын жоктугун белгиледи. Премьердин айтымында, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн бул жааттагы маалыматы алда канча так эсептелет.
Андан соң жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү тууралуу Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү маалыматын берди.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Темир Сариев Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө акимдер тарабынан жазгы талаа жумуштарынын көзөмөлгө алынышын камсыздоону тапшырды. "Талаа иштери өз мөөнөтүндө жана тийиштүү деңгээлде жыйынтыкталышы тийиш. Бардык тапшырмалар токтоосуз түрдө ишке ашырылышы зарыл", - деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.
[su_carousel source="media: 54390,54391,54393,54394,54395,54396,54397" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү