15

Май

2015

Премьер-министр Т.Сариев: «Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусу менен катар алдыда маанилүү милдеттер күтүп турат»

Бүгүн, 14-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Өкмөттүн жыйыны болуп өттү, анын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору талкууланды. Жыйынды ачууда Премьер-министр 2015-жылдын 4 айындагы КР социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолду. «ИДП өсүүсү 7% түздү, ал эми инфляция деңгээли 2% түздү. Бул Евразиялык экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттер арасындагы мыкты көрсөткүчкө кирет. 2015-жылдын 1-кварталында Россиянын 1 жылдык ИДПсы 2,2% кыскарган, ал эми инфляция 16,9% түзгөн. Алдын-ала маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-март айында Казакстандын ИДПсынын өсүүсү 2,2% түзгөн. Белоруссия ИДПсы үүстүүздөгү жылдын I кварталында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2% кыскарган, ал эми инфляция 16,7% өскөн», — деди Темир Сариев. Өкмөт башчы Улуттук туруктуу өнүгүү боюнча стратегиядагы көрсөткүчтөрдү эске алуу менен экономиканын өсүү темпин жана учурдагы динамиканы сактап калуу зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу Темир Сариев Экономика министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга Өкмөттүн антикризистик программасын ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды. Ал эскерткендей, 2015-жылдын 8-майында Кыргызстан, Россия, Казакстан, Белоруссия жана Армениянын Президенттери тарабынан Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу жөнүндө жыйынтыктоочу документтерге кол коюлган. «2015-жылы Жеңиш күнү биз үчүн катарлаш майрамга айланды, биз Улуу Жеңиштин юбилейин белгиледик жана биздин өлкө мурдагы советтик аймактагы ири интеграциялык бирикменин мүчөсү катары кабыл алынды», — деди Темир Сариев. Премьер-министр белгилегендей, эл аралык келишимдер алкагында келип жаткан товарларды бажы алымдарынан бошотуу жана ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл тутумун аудиттен өткөрүү маселелери түшүнүү менен кабыл алынды. «Биз Евразиялык экономикалык комиссияны жана ЕАЭБ мүчө мамлекет өкүлдөрүн бул маселелер биздин мамлекет үчүн принципиалдуу экендигине ынандыра алдык. Евразиялык бирдиктин талаптарына бажы инфраструктурасынын даярдыгын талдоодон өткөргөн Евразиялык экономикалык комиссиянын атайы эксперттик тобу тарабынан бардык бажы көзөмөл-пункттары текшерилген. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл тутумун аудиттен өткөрүү алкагында Евразиялык экономикалык комиссия жана башка тараптар аркылуу текшерүүнүн 6 баскычы өткөрүлгөн. Акыркы баскыч жыйынтыкталган соң (1 айдан соң) биздин тутум Евразиялык экономикалык бирликтин стандарттарына дал келген катары таанылат. Бирок ал үчүн биз “Жол картасында” каралган бир катар маанилүү иш-чараларды жыйынтыктообуз керек», — деп кошумчалады Темир Сариев. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусундагы шарттары жана өткөөл жоболору тууралуу кол коюлган протоколдор жалпысынан Евразиялык экономикалык бирликте кабыл алынган талаптардан айырмаланып Кыргыз Республикасы үчүн жеңилдетилген талаптарды камтыйт. «Кыргыз Республикасы ЕАЭБ Бирдиктүү бажы тарифинен 166 өзгөчөлүк алган, алар боюнча бажы алымы Евразиялык экономикалык бирликтин алымынан төмөн болот. Мисалга, бул Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга алынып келинген жеңил унаалар, дары-дармектер, биздин ишкерлер үчүн сырьенун түрлөрү жана материалдар”, - деп түшүндүрдү ал. Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстандын ЕАЭБге катышуусундагы жеңилдиктер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, КР ЕАЭБдеги катышуусу товарлардын өлкөлөр аралыгында эркин өткөрүлүшүнө мүмкүндүк берет; Бирлик алкагында ашыкча ички жөнгө салуунун, анын ичинде жеткирүүчүлөр жана тейлөөнү кабыл алуучулар үчүн уруксаат талаптардын жана процедуралардын жоюлушун эске алуу менен инвестицияларды ишке ашыруу жана тейлөө сатыгынын эркиндигин камсыздайт. Мындан тышкары, ЕАЭБ мүчөлүгү биримдикке мүчө-мамлекеттерге сатып алуулар жаатындагы улуттук режимди сунуштайт, ага ылайык, атамекендик ишкерлер мүчө-мамлекеттердин аймагындагы өткөрүлгөн бардык сатып алууларга катыша алат. Ошондой эле атамекендик жарандар чекара аркылуу эркин өтүүгө, кандайдыр бир чектелүүсүз жана эмгекке орношкон мамлекеттин атайы уруксаатысыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүндүк алат. Миграция маселесине тийиштүү Премьер-министр белгилегендей, биздин жарандарга кара тизмелерден чыгаруу боюнча иш жүзүндө көмөк берүү тапшырмасы берилген. “Жарандарды колдоого алуу жана коргоо – Өкмөттүн негизги милдеттерине кирет», — деди ал. Сөзүнүн соңунда Өкмөт башчы белгилегендей, республиканын ЕАЭБге ийгиликтүү кирүүсү КР Президентинин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн бирдиктүү пикиринин натыйжасы болуп саналат. «Бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн колдоосуна тийиштүү баа бербей коюуга болбойт. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү үчүн көптөгөн иштер аткарылды, бирок жетишилген ийгиликтер менен чектелип калууга болбойт. Биздин алдыбызда маанилүү милдеттер турат”, — деди Темир Сариев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү