05

Май

2015

Премьер-министр Т.Сариев: «Салык жана бажы алымдары боюнча бекитилген пландар 100%га жана өз мөөнөтүндө аткарылышы тийиш»

Бүгүн, 4-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 2015-жылга карата учурдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмени ачууда Премьер-министр билдиргендей, Өкмөт тарабынан алынган бардык милдеттенмелер толук түрдө аткарылышы тийиш. «Биз бул үчүн бардык күч-аракетти жумшообуз, колдогу кошумча резервдерди издештирүүбүз зарыл. Салык жана бажы алымдары боюнча бекитилген пландар 100% жана өз мөөнөтүндө аткарылышы керек», — деп белгиледи Темир Сариев. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын иш алып баруу маселесине токтолду. Анын пикиринде, аталган кызматтын ишинин сапатын карап чыгуу зарыл. Премьер-министр белгилегендей, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызмат аткарган ишинин натыйжалуулугу боюнча бааланат. «Мыйзамсыз, салыктарды төлөөсүз ишке ашырылып жаткан иштерге чечкиндүү бөгөт коюлушу керек. Эч кандай жеңилдиктер жана “кол тийгистер” болбоосу кажет. Эгерде андай болсо, биз тартип орното албайбыз», — деди ал жана көмүскө экономика деңгээлин төмөндөтүү максатында бир катар чаралар иштелип чыккандыгын кошумчалады. “Ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдү үзгүлтүксүз текшерүү тажрыйбасын артка таштап, өзгөчө көңүлдү башаламан секторго, тактап айтканда, казино жана букмекердик конторалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө буруу зарыл. Салык төлөөдөн баш тарткандар мыйзамга ылайык жазаланышы тийиш», — деди Темир Сариев. Премьер-министр белгилегендей, салыкты ак ниеттүүлүк менен төлөгөн ишкерлерди негизсиз түрдө текшерүүгө алган учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызмат кызматкерлери жана кызматтын жетекчилери жоопкерчилик тартат. Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Бишкек шаарынын жолдорун куруу жана оңдоо максатында кошумча каражаттарды бөлүү үчүн каржылоо булактарын издештирүү тапшырмасын берди.

[su_carousel source="media: 54148,54149,54150" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү