11
Сентябрь
Таджикистандын Премьер-министри Акил Акилов Жантөрө Сатыбалдиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына дайындалышы менен куттуктоо телеграммасын жөнөттү.Куттуктоодо мындай деп айтылат:
“Урматтуу Жантөрө Жолдошевич,
Сиздин жогорку мамлекеттик кызматка – Кырыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына дайындалышыңыз менен чын ниетимден чыккан куттуктоомду жана жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз.
Биздин өлкөлөр ортосундагы достук, өз ара пайдалуу кызматташтык жана кошуналык мамилелер Сиздин түздөн-түз катышууңуз менен биздин элдердин жыргалчылыгы жана кызыкчылыктары үчүн мындан ары карай өнүгө берерине терең ишенем.
Учурдан пайдаланып, урматтуу Премьер-министр мырза, Сизге бекем ден соолук, Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү жана анын элинин бакубатчылыгы үчүн Сиздин мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди каалайм.”
Урматтоо менен,
Акил Акилов