17

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев: «1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш - элдин эркиндик, адилеттүүлүк үчүн күрөшү»

Бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өткөн «Боштондук көтөрүлүшү жана тарыхый сабактар» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышып, сөз  сүйлөдү.

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы маанилүү окуялардын бири Аксы окуясынын 14 жылдыгы эскерилип жатканын белгиледи.

«Бул окуя 1916-жылдагы боштондук күрөштөй эле  кыргыз эли эркиндик үчүн, адилеттүүлүк үчүн ажалдан кайра тартпай турганын далилдеди. Элдин эркиндиги, мамлекеттеги адилеттүүлүк үчүн бийликке каршы чыгып, курман болгон уулдарыбыздын жаркын элеси түбөлүккө сакталат», - деди Темир Сариев.

Өкмөт башчысы ар бир улутту улут, элди эл кылган кымбат дөөлөттөрү,  улуттук урааны болорун, кыргыз эли үчүн азаттык, эркиндик, туусу желбиреген өз алдынча мамлекет куруу ошондой улуттук баалуулук экенин белгиледи.

Биздин элдин мамлекеттүүлүккө болгон түбөлүк умтулуусу ар кандай кырдаалда, түрдүү мазмунда жана формада ишке ашып келди. Тарыхый жолдо ар бир элдин эңсеген кыялы арзан ишке ашпайт. Ата-бабабыздын акыл-ою, тынымсыз эмгеги, “кылыч мизинде кыл чайнашып, жаны канжыгада, каны көөкөрдө” кармашып жүрүп, бирде жеңип, бирде жеңилип, нечен азап-тозокту татыктуу башынан кечирип жүрүп көз карандысыз мамлекетке ээ болду. Эркиндик жолундагы дал ошондой тагдыр чечүүчү сыноолордун бири - 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшү болуп эсептелет», - деди Темир Сариев.

Премьер-министр улуттук-боштондук үчүн күрөштүн эң башкы себеби ошол кездеги жергиликтүү калкка карата ѳкүм сүргѳн адилетсиздик саясат болгонун белгиледи.

«1916-жылдагы боштондук күрөшкө алгачкы жана так саясий аныктаманы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов бергенин баарыбыз жакшы билебиз. Ал 1926-жылы көтөрүлүштүн он жылдыгына карата “Коммунистическая мысль” журналына жазган макаласында алгачкы ирет улуттук революциячыл кыймыл деп, кийин, 1931-жылы салтанаттуу чогулуш уюштуруп, ал жыйындагы докладында улуттук-боштондук кыймылы деп өз аныктамасын берген.Бул жагынан алганда 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөшү жеңилүү ызасы, азап-тозок, кайран элдин улуу трагедиясы менен коштолсо да, кыргыз руху жеңилген эмес, улуттук түбөлүк үмүттүн деми кайткан эмес», - деди Темир Сариев.

Премьер-министр бул окуядан алуучу тарыхый сабактар кымбат жана баалуу экенин токтолуп өттү:

«1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшү - элдин эркиндик, адилеттүүлүк жана азаттык үчүн оор күрөшү.

Аны эстөө ызаланып кекенүү эмес, өнүгүү жолун издөөнүн, айкөлдүктүн жана акылдын сабагы.

Кандай сыноо болсо да, аны жеңе билүүнүн чыдамкайлык сабагы.

Жан айласын таппай кыйсыпыр түшкөндө да, адам бойдон калуунун абийир сабагы.

Эркиндик үчүн жаны курман болсо, өмүр текке кетпей тургандыгынын эрдик сабагы.

Бүлүнгөн кезде бүтүндүгүн сактап, чачылган кезде биримдигин сактап эл бойдон калуу сабагы», -деди Темир Сариев.

Темир Сариев бул сабактарды алып, урпактар үчүн кең келечек курууга жана бул мурасты сактоого бардык күч-аракетти жумшоо зарылдыгын билдирди.

«Мамлекеттин өнүгүшү жалаң кен байлыктар менен аныкталбайт. Мамлекеттин өнүгүшү илим-билимге, маданий факторлорго көбүрөөк байланыштуу экенин өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана тарых далилдеп турат. Өкмөт мамлекетибиздин ырааттуу өнүгүшүнө, анын ичинде ириде илим-билимди өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасайт», - деп кошумчалады Темир Сариев.

Премьер-министр «Маданият жана Тарых жылынын» алкагында бул сыяктуу илимий конференциялар, изилдөөлөр уюштуруларын белгилеп өттү.

Комплекстүү пландын алкагында, 1916-жылдын окуясына карата  эстелик “Ата-Бейит” улуттук-тарыхый комплексине орнотулат.

Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленип, анын илимий-көркөм мурастары толук басып чыгарылат. Мамлекеттүүлүгүбүздүн түптүүлүгү тууралуу кытай тилиндеги кол жазмалар табылып, которула баштады. Бул да биз үчүн абдан баалуу эмгек болот», - деди Темир Сариев.

Премьер-министр бул иштерди аткаруу үчүн мамлекетте туруктуулук, эл ынтымагы жана талыкпаган эмгек абдан маанилүү экенин белгиледи.

[su_carousel source="media: 72261,72260,72259,72258,72257,72256,72255,72254,72253,72252" limit="50" link="image" width="120" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72261,72260,72259,72258,72257,72256,72255,72254,72253,72252" limit="50" link="image" width="140" height="60" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72266,72267,72268,72269,72270,72271" limit="50" link="image" width="160" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72252,72253,72254,72255,72256,72257,72258,72259,72260,72261" limit="50" link="image" width="100" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="1" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" link="post" width="160" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү