10

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “2015-жылдын 12-августунан тарта кыргыз-казак чек арасы ачылат”

Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык союзуна 2015-жылдын 12-августунан тарта Евразия экономикалык союзунун толук кандуу мүчөсү болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев билдирди. Премьер-министрдин айтымында, бул күнү Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык союзунун толук кандуу мүчөсү катары каттап, 12-августтан тарта кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлу алынат. Чек араны ачуу аземине Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасынын президенттери Алмазбек Атамбаев жана Нурсултан Назарбаев күбө болот. Премьер-министр Темир Сариев бул окуяны 2011-жылдан бери жүрүп келген интеграциялык жараяндын маанилүү жыйынтыгы  экенин белгилеп, анын өлкө экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына шарт түзөрүн билдирди. “Бул күндөн тарта Кыргызстан Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөр менен “төрт эркиндик” деп саналган жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызмат көрсөтүүнүн эркин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк алат. Бул өз кезегинде жарандарыбыз, ишкерлерибиз жана ЕАЭСке мүчө өлкөлөрүндө эмгектенип келген мигранттар үчүн бир катар жеңилдиктерди камсыз кылып, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Бул жараянды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар бардык аракеттерди көрдү”-деди Темир Сариев. Буга чейин Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен тиешелүү мамлекеттик органдар чек араларды ачууга даярдык көрүү жана чек аралар ачылган соң жарандарга жеңилдиктер түзүлөрү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү