31
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев: “2016-жыл Кыргызстан үчүн тарыхый маанилүү окуяларга бай жыл”
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 31-декабрдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди. Жыйында Темир Сариев 2015-жылдын жыйынтыгы жана Өкмөттүн келерки жылы аткара турган маанилүү иштери тууралуу маалымат берди.
Премьер-министр Темир Сариев 2015-жылы Өкмөт бир катар маанилүү иштер аткарылып баштаганын белгилеп, 2016-жылы алар улантылаарын билдирди.
«2016-жыл Кыргызстан үчүн тарыхый маанилүү окуяларга бай жыл. Эгемендик алганыбызга 25 жыл толот, 1916-жылдагы каргашалуу окуяларга 100 жыл болот. Бул окуяларды татыктуу деңгээлде белгилөө үчүн Өкмөт даярдыкты жогорку сапатта жүргүзүүсү керек», - деди Темир Сариев.
Премьер-министр 2016-жыл Кыргызстанда “Маданият жана Тарых жылы” деп жарыяланганын кабарлап, буга байланыштуу аталган тармактарга көңүл буруу күчөтүлөөрүн билдирди.
“Биз маданиятты колдоо жана аны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Анын ичинде улуттук маданияттын үлгүлөрүн жайылтууга басым жасалат. Учурдагы коопсуздук маселелери күчөп, терроизм жана экстремизм сыяктуу терс көрүнүштөргө маданиятты өнүктүрүү менен каршы тура алабыз”, - деди Темир Сариев.
Муну менен катар Темир Сариев аймактардагы маданий жайларды оңдоо, жакшыртуу боюнча жана чыгармачыл коллективдердин аймактарга гастролдошуна шарт түзүү жаатында иштер колго алынарын кошумчалды
Ошондой эле Темир Сариев муну менен катар ШКУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчылары жана өкмөт башчыларынын саммиттери өтөрүн маалымдады.
Премьер-министр 2016-жылы улуттук экономиканы чыңдоо, өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында маанилүү иштер турганын, бул үчүн Өкмөт талбай иштөөгө тийиш экенин эскертти.
Өкмөт башчынын айтымында, кийинки жылы коопсуздук, коргоо жана коомдук тартип сактоо жаатындагы шартты жана бул тармактагы кызматкерлерге камкордукту жакшыртуу жаатында иштер уланарын билдирди.
Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев Токтогул ГЭСиндеги акыркы абалга токтолуп, учурда жарактан чыккан жабдыктарды оңдоо жана анын кесепетин жоюу боюнча толук кандуу иштер жүрүп жатканын, Жаңы жылдык эс алуу күндөр жарандарга электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин маалымады.
Ошондой эле эс алуу күндөрү жарандарга толук шарт түзүп берүү үчүн ар бир Өкмөт мүчөсүнө ар бири өзү жетектеген тармак боюнча көзөмөл жүргүзүп турууну тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү