23
Май
Премьер-министр Темир Сариев: «Административдик-аймактык реформаны улантуу жана тийиштүү түрдө жыйынтыктоо керек»
Бул туурасында бүгүн, 22-майда, Кыргыз Республикасынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы токтому аркылуу бекитилген “Кыргыз Республикасында 2013-2017-жылдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу программасынын” аткарылышынын жүрүшү тууралуу баяндама менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев чыкты.
Өз баяндамасында ал Программаны ишке ашыруудагы жетишилген ийгиликтер жана көйгөйлөрдү атады.
Талкуунун жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев белгилегендей, бир катар көйгөйлөрдү чечмейин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүүсү мүмкүн эмес.
«Өлкөдө 453 айыл башкармалыгы болсо, анын 70и, же болбосо, 15,5 % гана дотацияга муктаж эмес. Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери инвестицияларды тартуу, жаңы иш орундарды түзүү жана учурда толугу менен жергиликтүү бюджетте калуучу жер салыгын чогултууну башкарууну жакшыртуу сыяктуу маселесине тийиштүү көңүл бурушпайт. Чүй облусунун айыл башкармалыгынын биринде жер аянтынын 1 гектары ижарага 20 миң сомго берилет, ал эми алынуучу салыктын суммасы болгону 400 сомду түзөт. Мындай болбойт. Коэффициенттерди жогорулатуу зарыл, анткени жер салыгынан алынган каражаттар айылдын биринчи кезектеги көйгөйүн чечүүгө жумшалат», — деп белгиледи Өкмөт башчы.
Мындан тышкары, Темир Сариев бийликтин ар-кыл деңгээлдери арасындагы ыйгарым укуктардын так бөлүштүрүлүшү орун албагандыгына көңүл бурду.
«Административдик-аймактык реформаны улантуу жана тийиштүү түрдө жыйынтыктоо керек жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү тартибин жана мөөнөтүн тартипке салуу зарыл. Кыска мөөнөт аралыгындагы текшерүүлөр жергиликтүү орган жетекчилеринин убактысын алып, айылдыктардын көйгөйүн чечүүгө болгон убактысын чектейт», — деди Премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарын текшерүүнү жакшыртуу маселеси боюнча 10 күн ичинде сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жетекчилигинин көңүлүн айыл башкармалык жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кадрдык мүмкүндүгүн жогорулатуу зарылдыгына бурду.
“Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте айыл башкармалык жетекчилери жана кызматкерлери үчүн семинарларды уюштуруу, алардын деңгээлин жогорулатуу үстүндө үзгүлтүксүз иш алып баруу, алдыңкы айыл башкармалыктарынын мисалында кандай иш алып баруу жана өз алдынчалуулукка жетишүү жолдорун көрсөтүү керек. Ал эми Кыргыз Республикасында 2013-2017-жылдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу программасына тийиштүү билдире турган болсок, ага оңдоолорду киргизүү керек, анткени анын көптөгөн пункттарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумун өнүктүрүүгө көмөк болчу элементтер камтылган эмес», – деп билдирди Премьер-министр Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү