28

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Афганистандагы жер титирөөдөн этникалык кыргыздардын канчалык деңгээлде жабыр тартуусун тактоо жана зарыл жардам көрсөтүү боюнча сунуш даярдоону тапшырды

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Афганистандагы жер титирөөдөн этникалык кыргыздардын канчалык деңгээлде жабыр тартканын тактоо тапшырмасын берди.

Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КР Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Афганистандагы элчилиги менен биргеликте этникалык кыргыздардын табигый кырсыктан канчалык жабыр тартканын тактап, зарыл болгон жардам көрсөтүү боюнча сунуш даярдоосу тийиш.

Учурда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган тапшырма боюнча ишти баштады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү