23
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев Ала-Бука районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүн өмүрүн алган жол кырсыгынын жагдайларын териштирүүнү тапшырды
Бүгүн, 23-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 22-июнда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы жана интернет булактарында тараган Бишкек-Каракол жолундагы окуяны териштирүү тапшырмасын берди.
Премьер-министр Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлерине, Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министрлигине үч мектеп бүтүрүүчүсүнүн өмүрүн алган жол кырсыгынын жагдайларын тыкыр териштирип, ага жол берген жооптуу адамдардын жоопкерчилигин кароону жана анын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү тапшырды. Буга чейин Премьер-министр Темир Сариев тиешелүү органдарга жайкы каникул учурундагы эс алууну коопсуз уюштуруу жана окуучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырма берген.
Муну менен катар Темир Сариев бул сыяктуу окуяларды кайталанбашы үчүн ата- энелерди мектеп мугалимдери менен катар балдарын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Премьер-министр Темир Сариев коопсуздук боюнча вице-премьер-министрге жана Ички иштер министрлигине интернет булактарда тараган жол-кайгуул кызматкерлеринин катышкан Бишкек-Каракол жолундагы окуя жагдайларын териштирүү жана мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тапшырмасын берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү