22

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев Ала-Бука районунун тургундары менен жолукту

Бүгүн, Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Ала-Бука районун тургундары менен жолугуп, пикир алмашты. Премьер-министр районго иш сапар менен келгенин себебин түшүндүрүп, чек ара маселелерин чечүү боюнча бардык мамлекеттик органдар өз аракетин көрүп жатканын билдирди.

“Чек арадагы кырдаалды жеринен көрүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берип, эл менен жолугушуу максатында келдик. Баарыбызды кыжаалат кылган маселе – чек ара маселеси. Бул маселе оңой эмес, аны бир күндө чечүү кыйын. Бирок бул боюнча Президент, өкмөт бул жаатта чечкиндүү аракеттерди көрүп жатканын көрүп жатасыңар”, - деди Темир Сариев.

Премьер-министр Темир Сариев чек ара маселесин тынчтык жолу аркылуу чечүү зарылдыгын белгилеп, бул жаатта чечкиндүү аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

“Азыр мурункудай болуп кылчактап, башкалар эмне деп айтып коет экен дебестен, маселени түз жана так чечүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Биз баары менен теңата мамиле кылуу менен чечиле турганын азыр чечип, сүйлөшчүсүн азыр сүйлөшүп жатабыз. Мына ушундай чечкиндүү саясат жүргүзүлүүдө.  Азыркы учурда чыгып жаткан айрым маселелердин төркүнү ушул жерде жатат”, - деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле Премьер-министр Ала-Буканын тургундары менен жолугушууда айрым күчтөр чек ара маселесин өз тар кызыкчылыгына колдонууга аракет кылып жатканына токтолду. Темир Сариев мындай аракеттерге каршы жалпы коомчулук каршы турушу керектигин билдирди.

“Айрым саясий топтор чек араны шылтоо кылып, “жылаңач баатыр” болуунун кереги жок. Митингге чогулгандар үч-төрт маселени көтөрүп, “ушундай кылыш керек” дейт. Биз ал иштин баарын алда качан эле кылып, коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүп, ЖККУнун алкагында жана башка эл аралык уюмдардын алкагында бул маселени чечүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз”, - деди Темир Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев учурда чек араны чыңдоо боюнча конкреттүү аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү