26
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев аймактардагы жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди
Бүгүн, 25-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жаңы ишканаларды ачуу боюнча жыйындын сонунда Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр, жергиликтүү администрациялар, шаар мэри, айыл өкмөттөрдүн аппараттарынын ишин пландоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.
Ага ылайык, жергиликтүү бийлик органдары, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн иш пландары сапаттуу, конкреттүү жана натыйжалуу болушу керек экендиги белгиленди.
«Даярдалган план өкмөттүн Программасы, ар бир аймактын көйгөйлөрүн эске алуу жана антикризистик чараларды камтып, 2016-жылга карата Өкмөт программасына ылайык болушу керек.Өзүнүн ишин сапаттуу пландай албагандарга – мамлекеттик жана муниципалдык кызматта орун жок», - деди Темир Сариев.
Бул боюнча Темир Сариев Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бул маселени жеке көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле ар бир облус жана райондук деңгээлдеги программаларды кайрадан сапаттуу түрдө инвентаризациялоодон өткөрүү тапшырмасы берилди.
“Формалдуу, кагаз жүзүндө калган, мөөнөтү өтүп кеткен, же актуалдуулугун жоготкон программалык документтерди четке кагуу керек же кайрадан иштеп чыгуу керек. Муну менен катар баардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар бекитилген план жана графиктерди сактоо менен иш алып баруусу зарыл . Мамлекеттик кызматкерлердин графигининде жарандарга максималдуу шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек. Мамлекеттик органга кайрылган ар бир жаран тиешелүү жоопту тез жана сапаттуу түрдө алышы керек. Жардамга муктаж ар бир жаранга көңүл бурулушу керек”, - деп токтолду Темир Сариев.
Буга байланыштуу кийинки жылы ар бир облуста жана райондо коомдук кабылдамалар жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комиссия түзүүнү тапшырды.
Муну менен жыйын жүрүшүндө аймактык мамлекеттик органдардын ишин функционалдык анализден өткөрүү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү жана тейлөөнүн сапатын жакшыртууну тапшырды.
Премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине “Жеткиликтүү турак-жай” программасын ишке ашыруу жана инвесторлор, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмасын берди.
“Облус жана район жетекчилеринин 2016-жылдагы ишинин эффективдүүлүгү бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү жана инвестиция тартуу деңгээлине жараша бааланат. Биздин экономикага тышкы жана ички инвесторлор салган каражаттарды коргоо – эң мааннилүү маселелердин бири. Ар бир облус, ар бир шаар жана район жетекчилеринин иши инвестиция тартуу эле эмес, бизнеске негизи жок, мыйзамсыз басым көрсөтүп-көрсөтпөгөнү боюнча да бааланарын эскертем”, - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр айыл чарбаны колдоо, аймактардагы ирригациялык системаларды жана таза суу менен камсыз кылуу, дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн санын азайтуу боюнча конкреттүү пландарды иштеп чыгууну тапшырды.
Темир Сариев жаш муундарга сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүү, калктын аялуу катмарларын социалдык коргоого алууну күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
“Өкмөт алдында 5,5 жаштан 7 жашка чейинки бардык балдарды мектепке чейин даярдык көрүп, билим алышына шарт түзүү коюлган. Ошондой эле өлкөдөгү бардык балдар жана саламаттыгына байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кайсы аймакта болбосун сапаттуу билим алууга шарты болушу керек. Бул биздин милдет. Аны кынтыксыз аткарышыбыз керек”, -деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр ар бир калктуу аймактагы турмуш-шарты оор абалда болгон жарандарга, балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтчү борборлорду түзүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү