11
Февраль
Премьер-министр Темир Сариев: «Айыл чарбасын алдыга жылдыруу үчүн аракеттер көрүлүүдө»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жазгы талаачылык жумуштарына даярдык талкууланган Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Премьер-министрдин маалыматында, 2015-жылы айыл чарбасында прогрессивдүү технологиялардын негизинде 4 моделдик долбоор иштелип чыкты: күнөсканаларды куруу, мал союучу пункттарды жана логистикалык борборлорду ачуу жана тамчылатып сугарууну өндүрүшкө киргизүү. Долбоорлор Айыл-Банк жана РСК-Банк аркылуу жер жерлерге таратылды. Республика боюнча 742 күнөсканалар салынып, 160 гектарды түзүүдө. Быйыл 1000ден ашык күнөскана куруу боюнча план алдыда турат.
«Дыйкандар тапкан киреше да өсүүдө. Мисалы, Кара-Суу районунундагы 1 гектар теплицадан 5 млн сомго чейин киреше алынып, анын 2,2 млн сомдон ашыгы – чыгым катары саналса, калганы таза кирешени түзүүдө. Азыр күнөсканаларда көчөттөр да отургузулуп, сатылып жатат. Ал эми мал союучу пункттардын санын 10 жеткирилип, 3 ири логистикалык борбор куруу жана 1030 гектарга жайылтуу милдети коюлду», - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Темир Сариев мал чарбасынын өндүрүмүлүүгүн жогорулатуу үчүн жасалма жол менен уруктандыруу жолун жайылтуу каралып жатканын маалымдалды. Анын алкагында, Өкмөттүн буйругу менен өлкө аймагында тубар бодо малды жасалма уруктандыруу үчүн пилоттук негизде 31 айыл тандалып алынды.
Мындан тышкары Быйыл Өкмөт тараптан ветеринария тармагына колдоо көрсөтүлүүдө. Башкача айтканда 2015-жылы эпизоотиялык туруктуулукту сакташ үчүн республикалык бюджеттен 61,0 млн сом бөлүнгөн болсо, 2016-жылы кошумча 70,0 млн сом кошулуп, жалпы суммасы 131 млн сомду түзөт.
Темир Сариев дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу жаатында активдүү иштер жүргүзүлүп, былтыр айдап-себүү мезгилинде 65 пайыз сертификацияланган үрөндөр себилсе, быйыл бул көрсөткүчтү 79 пайызга чыгаруу милдети коюлганын билдирди. Ошондой эле дыйкандарды жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 140 миң тоннага келишим түзүлгөнү маалымдалды.
Премьер-министр быйылкы жылы кант кызылчасынын жана пахтанын аянттын жана түшүмдүүлүгүн көбөйтүү боюнча конкреттүү пландар коюлганын кабарлады.
«Кант кызылчаны темир жол аркылуу Чуй өрөөнүндө Каинды-Кантка жеткирүү боюнча 20% жеңилдик берилди, анын 10% Өкмөт өзүнө, ал эми 10% «Кыргыз Темир жолу» ишканасы алды. Талас облусуна төө бурчактын ордуна башка өсүмдүктүн түрлөрүн өстүрүү каралууда. Кант кызылчасын Талас облусунан алып келүү баасы – тоннасына 1500 сомдон болсо, аны Казак темир жолу менен сүйлөшүп 600 сомго түшүрдүк», - деди Темир Сариев.
Темир Сариев сугат тармактарын сапатуу даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, республиканын калктуу конуштарынын аймактарын жашылдандыруу боюнча иш-чаралар бекитилип, жыл сайын 20-февралдан 20-майга чейин “жашылдандыруунун үч айлыгы” белгиленүүдө.
Быйылкы жылга Токой агенттиги тарабынан 2,0 млн даана дарактардын көчөттөрү даярдалып, ар бир облустун аймагына жеткирилерин Темир Сариев билдирди.
«Жогоруда айтылган көрсөткүчтөрдүн негизинде ички дүң продукцияга чоң салым кошот деп ишенебиз. Буга кошумча 8-февралдан тарта Кыргызстандагы кайра иштетүүчү 15 ишкана Евразиялык экономикалык биримдикке өндүргөн продукцияларын чыгарууга уруксат алышты. Анын ичинен 12 сүт өндүрүүчү, 2 балык жана 1 эт өндүрүүчү ишкана бар. Эми жогорку сапаттуу продукцияны чоң базарга сатууга мүмкүнчүлүк бар», - деди Темир Сариев.
[su_carousel source="media: 71022,71021,71020" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү