26
Январь
Премьер-министр Темир Сариев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапар менен жөнөп кетти
Бүгүн, 26-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапар менен кетти.
Сапардын алкагында Премьер-министр Баткен районунун Аксай айыл аймагындагы Көкташ-Ак-Сай-Тамдык, Миңбулак-Чорго-Аксай, Аксай-Тамдык жолунун курулушу менен таанышат.
Ошондой эле Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өтүүчү 2015-жыл жыйынтыгына арналган коллегиянын отурумуна катышып, анда облустун социалдык-экономикалык өнүгүү пландары, чек ара коопсуздук маселелери талкууланмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү