25

Июнь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Баткендеги селдин кесепетин жоюу иштери менен таанышты

Бүгүн, 25-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы Ак-Арык жана Исхак Раззаков айылдарындагы 8-июнда болгон селдин кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов селдин кесепетин жоюу боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынын натыйжасында райондун аймагындагы тогуз айылда 207 турак үйгө суу кирип, онго жакын социалдык обьект, ички чарбалык жолдор, сугат каналдары жабыркап, жалпысынан 96 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр селден жабыркаган эл менен жолугушуп, баарлашты, анда жабыркагандар селдин кесепетин жоюу боюнча иштерди тездетүү өтүнүчү менен кайрылды. Темир Сариев Кулунду айылында турак-жайлары таптакыр жарактан чыгып калган жарандарга 18 га жерди трансформациялап, бөлүп берүү иштерин жакын арада чечип берүүнү убадалады.

Сапардын алкагында Премьер-министр селден улам жараксыз абалга келген 32 үйдүн кожоюнуна материалдык жардам көрсөтүү боюнча сертификаттарды тапшырды.

Мындан тышкары айылдык фельдшердик пункт да жарактан чыгып калгандыгы белгилүү болду жана Премьер-министр имаратты ӨКМ министрине имаратты жаңыдан куруп берүү тапшырмасын койду. Андан соң өкмөт башчы аталган айылга кетүүчү жаңы жолдун салынышын көзөмөлдөп, анын сапатына канааттанбагандыгын белгиледи жана бул маселени териштирүү тапшырмасын берди.

“Өкмөт тарабынан табигый кырсыктын кесепетин жоюу боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатат. ӨКМ тапшырма берилген, ал иш-чаралардын ишке ашырылышына көзөмөл коюлуп, талап катуу болот. Кырсыктын кесепетин жоюуда жергиликтүү элдин да көмөгү зарыл, мамлекеттин кубаттуулугу – эл биримдигинде, ошондуктан биргеликте аракеттенүү керек. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү берилген көмөктү калыс жана мыйзам чегинде бөлүштүрүүгө өзгөчө көңүл буруусу тийиш”, - деди Премьер-министр.

Андан соң Темир Сариев Раззаков айылына барып, селдин кесепетин жоюу иштери менен таанышып чыкты. Белгилүү болгондой, анда айылдык 2 көпүрө жарактан чыгып калган, Премьер-министр аталган эки көпүрөнү тез арада калыбына келтирүү тапшырмасын берди.

[su_carousel source="media: 58218,58219,58220,58221,58222,58223,58224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү