16
Июль
Премьер-министр Темир Сариев: "Бажы кызматына талап күчөтүлөт"
Бүгүн, 16-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Мамлекеттик Бажы кызматынын жумушчу коллегиясын катышты. Коллегиялык жыйын жүрүшүндө Бажы кызматынын жетекчилери 2015-жылдын алгачкы алты айында аткарылган жумуш жана чогултулган бажы төлөмдөрү боюнча маалымат берди. Тиешелүү жетекчилердин маалыматын уккан Премьер-министр берилген отчеттун үстүртөдөн даярдалганын билдирип, терең анализдин жок экенин сынга алды.
“Бажы кызматынын жетекчилиги кийинки жылы 6 миллиард сом түшпөй калуу тобокелчилиги бар экенин айтканы менен ага каршы чаралар иштелип чыккан эмес. Бул жаатта терең анализ керек. Контрабанданы азайтуу боюнча чаралар каралган эмес. Мындан сырткары “Манас” бажыканасы гана планды 107%га аткарып, калгандары аткара алышкан эмес. Мунун себебин талдап, тиешелүү чаралар көрүлүшү зарыл”-деди Темир Сариев.
Премьер-министр Темир Сариев бажы төлөмдөрүн чогултуу планынын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Бажы кызматынын жетекчилигине тагылган милдеттерди кайрадан карап чыгуу тапшырмасын берди.
Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев бажы өткөрмө пунктарында турган кызматкерлердин жүрүш-турушуна өзгөчө маани берип, өлкөгө кирген туристтерге мамилени оңдоого чакырды.
“Бизде эл аралык темир жол түйүнү, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, башка өлкөдөн келгендерди түзүлгөн ыңгайлуу шарт жана жакшы мамиле менен өзүбүзгө тартуу зарыл. Өлкөгө кирген бажы постторунда башка өлкө жарандарын негисиз кармап, орой мамиле кылгандар кызматкерлердин жоопкерчилигин дароо кароо керек”-деди Темир Сариев.
Муну менен катар өкмөт башчысы Бажы кызматына талап күчөй берерин эскертип, мындай шартта жаңыча иштөө зарылдыгын билдирди.
“Мен өкмөт башчы катары абдан чоң милдеттерди алгам. Биз социалдык милдеттерди толук аткаруу үчүн бажы төлөмдөрү толугу менен чогултулушу керек. Бул үчүн жаңыча иштеп, керектүү идеяларды дароо пайдаланашыбыз зарыл. Учурда бизнес коомчулугу кызматташуу үчүн ар кыл сунуштарды берип жатат. Аларды өзүбүзгө тартышыбыз керек. Муну менен катар жакынкы аралыкта Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна толук кандуу кошулуу боюнча жараяны аяктап, чек аралар ачылат. Бажы кызматы ушул шартка даяр туруп, керек болсо коңшу өлкөлөрдөгү ишкерлерге бизде кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин түшүндүрүү зарыл. Ошондуктан, көрсөткүчтөрдү жакшыртып, басмайылыбызды бекем тартып, басыгыбызды оңдойлу”-деп билдирди Темир Сариев.
Коллегиялык жыйын жүрүшүндө өз ишин толук кандуу аткарбаганы үчүн Чыгыш бажысынын башчысынын орун басары Камчыбек Кайыпов, Батыш бажысынын башчысы Нурлан Момбеков, Темир жол бажысынын башчысынын орун басары Сабырбек уулу Султанга сөгүш, ал эми Чыгыш бажысынын башчысы Үсөн Өмүракунов, Борбордук бажынын башчысы Нурбек Айбашев, Борбордук бажынын башчысынын орун басары Сиябек Абдрахмановго эскертүү берилди.
[su_carousel source="media: 59697,59698,59699,59700,59701,59702,59703,59704" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү