05

Февраль

2016

Премьер-министр Темир Сариев бир күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды

Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев бир күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды.

Иш сапардын алкагында Темир Сариев облустун аймагындагы Кара-Суу, Араван райондорундагы жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү менен таанышат.

Андан соң Ош аэропортунун оңдоо иштеринин жүрүшү таанышмакчы.

Күндүн экинчи жарымында жазгы айдап себүү иштерине даярдык тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен көчмө селектордук жыйын өткөрөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү