12

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек-Балыкчы унаа жолундагы Боом капчыгайында болгон окуяга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек-Балыкчы унаа жолундагы Боом капчыгайында болгон окуяга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен ал жерге Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев жөнөп кетишти.

Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевге колдо болгон техниканы мобилизациялап, тез арада жолду ачуу тапшырмасы берилди.

Өкмөт жүргүнчүлөрдү сабырдуулукка жана болуп өткөнгө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү