20

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарында милициянын аймактык тескөөчүсүн аткандарды тез арада кармоону жана №1 тергөө абагында өз жанын кыйган Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча тыкыр иликтө

Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ички иштер министри Мелис Турганбаевге Бишкек шаарында милициянын аймактык тескөөчүсүн атып кеткендерди тез арада аныктап, кармоону жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркуловго  Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында өз жанын кыйган №50 тергөө абагынын мурдагы начальниги, Иманкул Телтаевдун өлүмү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Мындай тапшырманы Премьер-министр Темир Сариев Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркуловдун катышуусундагы чукул жыйында берди. Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин маалыматы боюнча, Бишкектин 8-кичи районундагы милициянын аймактык тескөөчүсүнүн өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. Бул иш Ички иштер министринин жеке көзөмөлүнө алынды. Премьер-министр Темир Сариев Ички иштер министрине аймактык тескөөчүнүн өлүмүнө байланыштуу  кылмыштын бетин тез арада ачуу жана өлкөдөгү курал-жарактар боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берди. Премьер-министр Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркуловго №1 тергөө абагында каза болгон  №50 тергөө абагынын мурдагы начальниги, Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү жана өлүмгө түрткөн себепти аныктоону тапшырды.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү