20
Август
Премьер-министр Темир Сариев: «Бишкекке, анын статусун жогорулатуу жана шаар жетекчилигине ишенимди кайтаруу боюнча аракет көрүшүбүз керек”
Бүгүн, 20-августта Темир Сариев Бишкек шаардык мэриясында борбор калаадагы учурдагы абал боюнча жыйын өткөрдү. Анда Премьер-министр шаардыктар үчүн жолдордун абалы, коомдук транспорттун жөнгө салынышы жана тазалык маселеси сыяктуу үч маселе негизги мааниге ээ экенин белгилеп, мэриянын бул жааттагы иши канаатандырбай турганын билдирди.
“Шаардыктардын жаңы мэрден үмүтү абдан чоң болчу. Тилекке каршы, мэриянын жетекчилиги бул үмүттү актоону абдан кечиктирип жатат. Биз азыр шаарга, анын статусун жогорулатуу жана муниципиалдык кызматтарга мамилени өзгөртүү боюнча бардык аракетти көрүшүбүз керек. Бул үчүн мэрия кызматкерлеринин жоопкерчилигин көтөрүү менен шаардыктардын үмүтүн актоо боюнча тынымсыз иш алып баруу керек”, - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр мэриянын тазалык жаатындагы иши абдан начар уюштурулганын белгилеп, шаар тургундарынын айткан сыны жүйөлүү экенин билдирди. Премьер-министрдин мындай билдирүүсүн Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов борбордун айрым райондорундагы тазалыкка жоопкерчиликтүү кызматкерлер атайлып собатаж уюштуруп жатканы менен түшүндүрдү.
Темир Сариев мындай абалдын жаралышы акылга сыйгыс нерсе экенин белгилеп, мыйзамсыз иш алпарган жетекчилерге каршы Башкы прокуратураны чара көрүүгө чакырды.
Ошондой эле Темир Сариев Бишкектин мэриясын тазалык жаатындагы ишти тезинен жакшыртуу тапшырмасын берип, Эгемендик күнүнө карата кийинки аптадан тарта борбор калаада массалык ишембиликтерди өткөрүү зарыл экенин билдирди.
Муну менен катар Темир Сариев шаардагы оңдолуп жаткан жолдордун сапаты буга чейин талапка жооп бербей келгенин билдирип, өкмөт жолдорду оңдоо үчүн бардык аракетти көрүп жатканын кошумчалады.
“2014-жылы шаардын ичинде 5,4 чакырым гана жол оңдолгон. Анын жүрүшүндө иштер сапаттуу жүргүзүлгөн эмес. Айрым жолдордо долбоорлор бекитилбегени үчүн тротуарлар, ирригациялык системалар калып калган. Анын айынан азыркыга чейин мындай кырдаал уланып жатат. Быйыл май айында жолдордогу чуңкурларды бүтөөгө 29 миллион сом гана каралган экен. Кийин республикалык бюджеттен 187 миллион сом, андан кийин үнөмдөөлөрдүн негизинде 107 миллион сом берилди. Буга кошумча Кытайдан келген кредит болду. Бирок жолдорду салуунун мөөнөтү бизди канаатандырбай жатат. Эки нөөмөт менен иштеп, тезинен бүткөрүү керек болгон жолдо бир гана нөөмөт менен иш жүрүп, кечеңдөөдө. Шаардыктар жолдун оңолгонун, анын жыйынтыгын сезиши керек болчу”, - деди Темир Сариев.
Ошондой эле капиталдык оңдоодон өтүп жаткан жолдорду быйыл 1-ноябрга чейин бүткөрүү зарылчыгын билдирди.
Муну менен катар Темир Сариев Бишкек мэриясы коомдук транспортту жөнгө салуу боюнча ишин сынга алып, бул жааттагы программаны даярдоо кечеңдеп жатканын эскертти. Премьер-министрдин айтымында, шаардын борбордук бөлүгүнө жүргүнчү ташуучу автобустарды киргизүү керек болчу. Ошондуктан, тез арада бул боюнча программа иштеп чыгып, Өкмөткө сунуштоону тапшырды.
Ошондой эле Премьер-министр борбордогу ири базарлардын айланасын иретке салууга өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.
[su_carousel source="media: 61683,61684,61685,61686,61687,61688" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү