02

Февраль

2016

Премьер-министр Темир Сариев: «Бийик тоолуу аймактагылар тууралуу мыйзамдын негизги максаты – иретке салуу жана адилеттүүлүктү орнотуу»

Бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев "Биринчи радионун" түз обосунда жарандардын суроолоруна жооп берип, баарлашты.

Бул ирет Премьер-министр учурда талкууланып жаткан бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр боюнча мыйзам долбоор, авто унаа жана турак-жайды милдеттүү камсыздандыруунун айланасындагы суроолорго жооп берди.

Премьер-министр Темир Сариев 30-январда Москва шаарындагы тигүү цехиндеги өрттөн сегиз кыргыз жаранынын каза болгон окуя боюнча каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

«Учурда атайын тапшырманын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдар иш алып барып жатат. Каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып келүү жана башка тийиштүү жардамдарды көрсөтөт», - деди Темир Сариев.

Премьер-министр Темир Сариев бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр үч категорияга бөлүнүп, бул маселе көп убакыттан бери талкууларды жаратып келгенин билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2013-жылы Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Өкмөткө аталган маселени тактап, аныктоо боюнча тапшырма берген. Анын негизинде Өкмөттө атайын мекемелер аралык комиссия түзүлүп, иштеп баштаган.

Премьер-министр бул мыйзам долбоор алыскы аймактардагы жарандардын социалдык жеңилдиктерден ажыратуу эмес, бул жааттагы айрым тактоолорду киргизүү менен иретке салуу максатын көздөрүн билдирди.

«Учурда өлкөдө 1870 айыл бар, 789 атайын тизменин негизинде бийик тоолуу жана алыскы аймактагы айыл деп аныкталган. Алардын арасында 2000 метр бийиктеги айрым айылдар кирбей калган, ошондой эле азыркы маалда жолдор салынып, алыскы аймактарга жол салынып маалымат жетүү боюнча өзгөрүп жатат. Буга байланыштуу иретке салып, тартипке салуу зарылчылыгы туулду», - деди Темир Сариев.

Премьер-министр аталган мыйзам коомчулуктагы сунуштардын, сын-пикирлердин негизинде чакыртып алынганын билдирди. Темир Сариев тиешелүү министрликке мыйзамды иштеп чыгууда коомчулуктун пикирин эске алуу менен кылдат карап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилгенин билдирди.

«Мыйзамдын негизги максаты – чыныгы кыйын шарттагы жашаган адамдар жеңилдик алышы керек. Кылдат карап чыгып, баары менен макулдашып, элдин кызыкчылыгына төп келген эрежени иштеп чыгышыбыз керек. Өкмөттүн кыймыл аракети ачыктын айкындык жана тартиптин негизинде иш алып баруусу – Премьер-министр катары менин негизги талабым. Эч ким өз кызыкчылыгын жактаган жок. Ошол эле Суусамыр, Ат-Башы районундагы айылдар бийик тоолуу аймактар катары жеңилдиктерден ажыратылбайт», - деди Темир Сариев.

[su_carousel source="media: 70534,70535,70536" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү