23
Сентябрь
Премьер-министр Темир Сариев : «Биз саламаттык сактоо тармагына мамилени өзгөртүшүбүз керек»
Бул тууралуу Премьер-министр Темир Сариев саламаттык сактоо кызматкерлери менен жолугушууда билдирди. Анын жүрүшүндө Премьер-министр өкмөттүн саламаттык сактоо тармагында аткарып жаткан иштери жана көйгөйлөрүнө токтолду.Темир Сариевдин айтымында, өкмөт саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бурууну күчөтүп, жарандарды сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн бардык аракетти көрүп жатат. Учурда өлкөдөгү бардык саламаттык сактоо мекемелери атайын инвентеризациялоо жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен оорукана мекемелеринин абалы аныкталып, авариялык абалда делгендер толугу менен оңдоодон өткөрүлмөкчү.
“Жакынкы бир жарым жыл аралыгында өлкөдө бардык ооруканаларга байланыштуу маселелер чечилет”-деди Темир Сариев.
Бул үчүн бюджетте 1 миллиард сом резервге каралып жатканын Премьер-министр кошумчалады.
Муну менен катар Темир Сариев саламаттык сактоо тармагындагы маселелерге токтолду. Премьер-министрдин маалыматында, учурда өлкө жарандарынын арасында жүрөк, кан-тамыр ооруларынан улам көз жумгандар көп болууда. 2014-жылы жүрөк оорулары бардык өлүмдөрдүн 50,9 пайызын түзсө, быйыл 51,1 пайызга көбөйгөн.
Темир Сариев бул жаатта ооруну алдын-алуу боюнча аракеттер жүргүзүлбөй жатканын белгиледи.
Муну менен катар өлкөдө кургак учук жайылып жатканына басым жасап, бул илдет мурун жаман жашоонун кесепети катары саналып келсе, учурда социлдык-экономикалык абалдын оңолгонуна карабастан жагдайдын жакшырбашынын себебин талдоо керектигин билдирди.
“Кургак учукка каршы күрөштө жргүзүлүп жаткан саясат туура эмес болуп жатат. Донорлордун бул жаатта бөлгөн каражаттары натыйжасыз пайдаланылып, координациялык иштер аксап жатат”-деди Темир Сариев.
Ошондой эле ВИЧ инфекциясы боюнча абал кооптондурууну жаратарын белгилеген Премьер-министр бул багытта кескин чараларды көрүү керек экенин билдирди. Анын маалымат боюнча, 2013-жылы ар бир миң кишигге оорунун көрсөткүчү 8,5 пайыз болсо, 2014-жылы 10,5 пайызга көбөйгөн.
Премьер-министр Темир Сариев бөйрөк ооруларынан улам гемодиализ маселеси курч турганын билдирди. Май айында өкмөттүн кийлигишүүсү менен 27 оорулуу бюджеттик гемодиализге кошумча киргизилип, жакында 2 миллион сом бөлүндү. 2016-жылга болсо гемодиализ үчүн 60 миллион сом кошумча каралууда.
Темир Сариев дарыгерлерге кайрылып бөйрөк ооруларынын санын кыскартып, аны алдын алуу боюнча атайын программа иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.
Өкмөт башчысы медициналык кадр маселесине токтолуп, аймактардагы дарыгерлердин жетишсиздигин чечүү керектигин билдирди.
“Кадр маселеси Саламматтык сактоо министрлигинин өзүндө да курч абалда. Министрлик аппаратында 16 ваканттык орун бар. Болгондо да өтө маанилүү кызматтар бош турат. Муну көп созтуктурбастан чечүү керек”-деди Темир Сариев.
Жолугушуу жүрүшүндө өлкөдөгү оорукананын жетекчилери тармактагы маселелер боюнча айтып берди.
Жыйындык аяктап жатып, Премьер-министр темир Саламаттык сактоо министрлиги жана өкмөт алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жолугушууда айтылган маселелер боюнча атайын жумушчу топ түзүп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууну тапшырды. Аталган жумушчу топту вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жетектемекчи.
Ошондой эле өкмөткө караштуу Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине ооруканалардагы кызмат көрсөтүүнүн акысын 10 күндүн ичинде тактап чыгуу тапшырмасы берилди.
[su_carousel source="media: 63862,63863,63864,63865,63866,63867,63868,63869,63870,63871,63872,63873,63874,63875,63876,63877,63878,63879,63880,63881,63882,63883,63884,63885,63886" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү