22

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев: “Биздин өлкөнүн 1 сантиметр жери эч кимге берилбейт”

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Ала-Бука районун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Темир Сариев өлкөнүн бүтүндүгүн жана кол тийбестигин сактоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн убада кылды.

“Биздин өлкөнүн 1 сантиметр жерди эч кимге берилбейт. Бул – Президенттин, Өкмөттүн так, ачык позициясы. Биздин колубузда турган документтер бар. Ошонун негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, - деди Темир Сариев

Ошол эле учурда Темир Сариев чек ара эки мамлекеттин ортосундагы макулдашуу менен ишке ашарын билдирип, буга этияттык менен мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи.

Премьер-министр Темир Сариев чекара тилкелерин такташуу мселеси эки өлкө ортосундагы макулдашуу менен аныкталган документтерге негизделиши керектигин айтып өттү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү