25

Февраль

2016

Премьер-министр Темир Сариев Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин жыйына катышты

Бүгүн, 25-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөттүн алдындагы Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин кезектеги жыйына катышты.

Жыйын жүрүшүндө аталган кеңештин 2015-жылдын 25-ноябрындагы жыйынын кабыл алынган чечимдерин аткарылышы, Өкмөттүн антикризистик чаралары жана учурдагы кырдаалда экспорттоо жана импортту алмаштыруучуларды кеңейтүү маселелери талкууланды. Жыйынды ачып жатып Премьер-министр Темир Сариев учурдагы экономикалык кырдаал жана өлкөдөгү актуалдуу маселелер боюнча маалымат берди.

Темир Сариев айрым терс эксперттик божомолдорго карабастан, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасы салыштармалуу оң жыйынтыктарды көрсөткөнүн билдирди. Буга мисал катары экономиканын өсүшү  Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен жакшы көрсөткүчтү 3.5%, ал эми инфляциянын деңгээли 3,4% болгонун билдирди.

Ошондой эле бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча бир катар реформалар ишке ашырылганын Премьер-министр белгиледи. Алардын катарына 2015-жылдын 3-кварталында кичи жана орто бизнес үчүн салыктык отчеттуулук айлык мөөнөттөн кварталдык мөөнөткө өткөрүлүшү, 2016-жылдын 1-январынан тарта экспорттук товарлар, кызмат жана тейлөө көрсөтүү үчүн сатуудан алынган салык, ал эми 1-июлдан тарта кошумча нарк салыгы төлөгөндөр товар жана кызмат көрсөтүүнү накталай эмес формага өткөрсө сатуудан алынган салык жокко чыгарылат. Ошондой эле текшерүүлөрдүн мөөнөтү эки эсеге кыскартылса, жаңы ишканалар үч жылга текшерүүдөн бошотулмакчы.

«Салыктык жана инвестициялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, инвесторлор 10 жылга чейин стабилизациялоо режимине ээ болду. Мындай чаралар тике чет элдик инвестициянын көбөйүшүнө шарт түзүп, 2015-жылдын тогуз айында анын көлөмү мурдагы жылдарга салыштырганда 1, 5 эсеге көбөйдү. Былтыркы жылы республика боюнча жаңы 650 орто жана чакан ишкана ишке берилип, 10 миңде ашык жумушчу орун түзүлдү», - деди Темир Сариев.

Премьер-министр Темир Сариев ишке ашырылган реформалар Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги  позициясына таасирин тийгизгенин кошумчалалы. Маалыматка ылайык, 59 эл аралык рейтингдин 21 инде Кыргызстан эң жакшы жыйынтык көрсөткөн өлөкөрдүн биринчи жарымына кошулган.

«Мисалы, Коррупцияны кабыл алуу индексинде Кыргызстан экинчи жылы катары менен алдыңкы он өлкөнүн бири болду. 2 жылдын ичинде 27 позицияга алдыга жылды. Ошондой эле бизнес киргизүү индексинде аймактагы өлкөлөр ичинде алдыңкы орунду 189 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээлейт», - деди Темир Сариев.

Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев  Европа Биримдиги Кыргыз Республикасы Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуучу (ВСП+) макамын берүү тууралуу чечим кабыл алышы маанилүү окуя экенин кошумчалады.

[su_carousel source="media: 71448,71449,71450,71451,71452,71453,71454,71455,71456,71457,71458,71459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү