03
Июль
Премьер-министр Темир Сариев: "Быйыл жаратылыш газына баа кымбаттабайт"
Бүгүн, 2-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында күз жана кышкы мезгилге даярдык боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы тууралуу маалымат угулду.
Жыйын жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев кышкы жана күзгү сезонго даярдыкты жакшылап уюштуруу Өкмөттүн алдындагы милдеттердин бири экенин белгилеп, бардык мамлекеттик органдардын бул багыттагы ишине көзөмөл күчтүү болорун билдирди.
Андан соң министрликтер жана Өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрү күзгү-кышкы сезонго даярдык тууралуу маалымат беришти.
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев энергетикалык системадагы даярдык тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2015-жылдын 29-июнуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,99 миллиард куб метрди түздү. Бирок Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө жана колдонуучуларга үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү максатында Тажикстандан 500 миллион кВт.саат электр энергиясын сатып алуу келишимге кол коюлган. Кубанычбек Турдубаев учурда электр тармактарынын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Тажикстандан дагы 150 кВт.саат электр энергиясын сатып алуу чечими кабыл алынганын билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев Энергетика жана өнөр жай министрлигине даярдыкка өзгөчө көңүл буруп, бөлүштүрүүчү компанияларга техникалык жоготууларды төмөндөтүү боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.
Ошондой эле Темир Сариев Ош облусунун Өзгөн районундагы авариялык абалда турган мектептердин маселесине көңүл буруп, Билим берүү жана илим министрлиги менен Өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине авариялык абалдагы мектептердин курулушун эртелеп бүткөрүү тапшырмасын берди.
Муну менен катар Темир Сариев электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу максатында Бишкек шаары жана Чүй облустарын жаратылыш газына өткөрүү зарылдыгына токтолду. Премьер-министрдин айтымында, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдетин аткарат.
“Газпром-Кыргызстан” компаниясы жаратылыш газы туруктуу жана үзүгүлтүксүз болот деп убада берген. Анын баасы Өкмөт менен макулдашып аныкталган орточо тарифтик саясаттан ашпайт. Быйыл газдын баасы көтөрүлбөйт”-деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр 18 кабаттуу имараттарга жаратылыш газын киргизүүгө уруксат берген токтомго кол койгонун кабарлады.
[su_carousel source="media: 58730,58731,58732,58733,58734" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү