26

Сентябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Чек ара аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат»

Бул тууралуу Премьер-министр Темир Сариев 26-сентябрда  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  Ош шаарындагы көчмө жыйынында өлкөдөгү өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын иш чараларынын аткарылышын талкуулоо учурунда билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, аймактарды өнүктүрүүгө жергиликтүү бийлик органдарынын активдүү аракети зарыл. Бул жаатта аймактардагы ишканаларды иштетүүнү колго алып , жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

«Акимдер жана облустук жетекчилерине борбордон каражат күтпөстөн жер жерлерди ишканаларды алууга иштетүүгө аракет кылыш керек. Чек арада жакын жайгашкан аймактардагы нече кен иштебей турат. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен аларды ачыш керек. Ошондо гана экономиканы өнүктүрүп, коопсуздукка көңүл бура алабыз»-деди Темир Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев өзгөчө статустагы аймактарга көңүл буруу күчөтүлүп,  анда каралган жеңилдиктерди камсыз кылынарын билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин директору Бакыт Рыспаев аталган программанын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине 59 айыл жана 10 участка кирген.  Алардын ичинде:

Баткен облусу боюнча – 45 айыл, 7 участок;

Жалал-Абад облусу – 9 айыл, 2 участок;

Ош облусу – 1 айыл;

Ысык-Көл – 4 айыл;

Нарын облусу – 1 участок бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жогоруда аталып кеткен мыйзам жана токтомдорду ишке ашыруу жана Баткен облусунун Баткен районунун инфраструктурасын биринчи кезекте жакшыртуу, Сох анклавынын айланасында жашаган калкка практикалык жардам көрсөтүү максатында, 2013-жылдын 28-январындагы №19- буйругун кабыл алган.

Анын негизинде, бир нече стратегиялык зарыл иш-чаралар каралып, бүгүнкү күндө жасалып бүттү. Алардын ичинде: - Чарбак айылына ФАП курулуп, Чарбак, Таян, Сай, Таш-Тумшук айылдарында таза суу түтүкчөлөрү өткөрүлдү; - Таян чек ара күзөтүнүн имаратын курулуп, Чарбак айылындагы чек араны тосуу жумуштары аякталды; - Көк-Таш –Ак-Сайайылына авто жолу курулду; - Айгул-Таш-Согмент-Чарбак жана Божой-Бел-Сөгөт автожолдору курулуп бүттү; - Кулунду-Максат жолу жана көпүрөсү курулду; - Кыштуут айыл аймагынын Чарбак, Таян жана Дара айылдарыкөз карандысыз электр жарыгы менен камсыз болду; - Кыштуут айыл аймагынын Чарбак, Согмент, Газ айылдары уюлдук байланыш менен камсыз кылынды.

Өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык  жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын биринчи этабын ишке ашыруунун иш чараларынын тизмегинде жалпысынан 20 иш-чара каралган болсо, анын 18 Баткен облусунун аймагындагы өзгөчө статуска ээ болгон айылдарда аткарылчуу иш–чаралар болуп эсептелинет.  Жалпысынан аталган иш-чараларды аткаруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден  345 млн 422,3 миң сом каралган.

Берилген маалыматтын негизинде Өкмөт атайын чечим кабыл алынып, аны аткаруу тиешелүү органдарга тапшырылды.

[su_carousel source="media: 64059,64060" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү