25

Июнь

2015

Премьер-министр Темир Сариев чек ара маселелери боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, 24-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өлкөдөгү чек ара маселелери боюнча жумушчу жыйын өттү. Жыйынга коопсуздук маселелер боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев катышты. Жыйын жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев өлкө чек арасындагы коопсуздукту сактоо өкмөттүн эң башкы милдеттеринин бири экенин белгилеп, чек араны тактоо боюнча делимитация жана демаркация маселелерин тездетүү зарылдыгын билдирди: “Биздин эң негизги милдетибиз чек араны бекем сактоо. Бул үчүн өкмөт бардык күч-аракетин жумшайт. Ошол эле учурда чек арачыларга карата камкордукту күчөтүү менен чек арадагы ар кыл чукул кырдаалды алдын-алуу керек. Бул үчүн чек арачылардын күжүрмөн даярдыгын күчөтүп, техникалык база чыңдоо зарыл" -деди Темир Сариев. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев өлкө чек араларында абал туруктуу экенин билдирип, учурда коопсуздукту сактоо үчүн аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, өлкө түштүгүндөгү талаштуу чек ара аймактары боюнча көзөмөлдү күчөтүлдү. Анын алкагында, апрел айында  Тажикстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, чек араны куралсыз, капысынан бузуп алган адамдарга каршы курал колдонбоо боюнча келишимге жетишилди. Чек ара кызматынын төрагасы бул багытта учурда Өзбекстандын чек ара органдары менен сүйлөшүү өткөрүлүп жатканын кошумчалады. Жыйын соңунда Премьер-министр Темир Сариев чек арачыларды турак-жай менен камсыз кылуу боюнча иштер аткарыларын  билдирди. Өз кезегинде Раимберди Дүйшөнбиевге  чек арачылардын арасында тартипке өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү