04

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев чет өлкөлүк фермерге кол салууну териштирүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев өлкөдөгү маалымат каражаттарына жарыяланган Чүй облусундагы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы Улуу Британиядан келген фермерге кол салууга байланыштуу чырды иликтөө тапшырмасын берди.

Премьер-миниср өкмөт инвесторлордун мыйзам көрсөтүлгөн коопсуздугун жана укугун коргоо боюнча бардык аракеттерди көрүп жаткан учурда мындай окуялардын орун алышы Кыргызстандагы инвестициялык климатка терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Буга байланыштуу Ички иштер министрине аталган окуяны териштирип, жыйынтыгы боюнча коомчулукка кабардар кылууну тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү