19

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариев Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү боюнча ыкчам аракет көрүү тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү боюнча ыкчам аракет көрүү тапшырмасын берди.

Учурда Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө 500дөн ашык өрт өчүрүү кызматкери тартылган. Бүгүн кошумча түрдө 223 кызматкер тартылды.

Ошондой эле Токтогул райондук мамлекеттик администрация жетекчилигине өрттү өчүрүүгө көмөктөшүүгө жергиликтүү калкты мобилизациялоо тапшырмасы берилди.

Белгилесек, өрт чыккан жер тоолуу аймак болгондуктан, ал жакка атайын техниканы жеткирүү кыйын болууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коңшулаш өлкөлөргө өрт өчүрүүчү вертолот боюнча көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Чычкан капчыгайындагы өрт айрым адамдардын жоопкерсиз жана кайдыгер мамилесинен келип чыккандыгын эскертип, бардык жарандарга табияты сактоого жана ага этият мамиле кылууга чакырат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү