Бүгүн, 14-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын тармактык министрлик жана ведомстволоруна Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке интеграциялануу процессин тездетүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
“2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишим ратификацияланган соң, Кыргызстан евразиялык экономикалык аймактын толук кандуу мүчөсүнө айланат. Жалпыбызга белгилүү болгондой, республиканын аталган бирликке кошулуусу артында жаңы чакырыктар пайда болот, биз аларга даяр болуубуз керек. Мындан ары карай биздин экономикабыз Бирликке мүчө мамлекеттердин экономикасы менен тыгыз байланышта эсептелет жана аларга жагымсыз таасир тийгизген факторлор биздин өлкөгө да өз таасирин берет. Мындан тышкары инвестицияларды тартуу жана рынок үчүн атаандаштык башталат», – деди Премьер-министр.
Өкмөт башчынын айтымында, республиканын ЕАЭБ кошулуусунда Кыргызстандын да кызыкчылыгы жана негизги шарттары эске алынган. Алсак, быйылкы жылы Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу $250 млн доллар суммасындагы көмөк келээри, ал Казакстан Республикасы тараптан $100 млн доллар берилээри пландаштырылууда.
Темир Сариевдин айтымында, жакын арада жогорку маселелерге байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрүлүп, анда кечиктирилгис түрдө чечилүүгө муктаж болгон милдеттер каралмакчы.
Ошондой эле премьер тармактык министрлик жана ведомство жетекчилерине карата бир катар тапшырмаларды берди. Экономика министри МБК жана МСК менен бирдикте бир жумалык мөөнөттө төмөнкү маселелер боюнча:
- бажы биримдигинин жана үчүнчү өлкөлөрдүн мамлекеттик чекарасы аркылуу транспорттук каражаттарды жана товарларды өткөрүү процедурасы жөнүндө;
- импорттук-экспорттук операцияларды ишке ашырууда кыйыр салыктарды алуу процедурасы жөнүндө;
- бирдиктүү бажы тарифинен алынуучу тизмеге киргизилген товарларды өткөрүү жана алардын сатуу процедурасы жөнүндө;
- ЭЭА аймагындагы субьектилерди каттоо жана алардын иштөө процедурасы жана ЕАЭБ мыйзамдарын түшүндүрүү тууралуу маалыматтык материалдарды даярдоо тапшырылды.
Ошондой эле Экономика министрлигинин базасында 2 жума ичинде жарандар жана ишкерлер үчүн ЕАЭБ мыйзам нормаларын жана жоболорун түшүндүрүүнү он-лайн режиминде жүргүзгөн жана такай иштөөчү маалыматтык топту түзүү тапшырылды. Жооптор бюрократиялык тоскоолдуктарга тушукпастан ыкчам түрдө берилиши кажет», – деди Премьер-министр.
Экономика министрине жана Мамлекеттик бажы кызмат жетекчисине 1 айлык мөөнөттө КР Өкмөтүнө бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган тийиштүү ЧУАларды жана мамлекеттик чекара аркылуу товарларды өткөрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн тийиштүү чараларды өткөрүү милдети жүктөлдү.
Мындан тышкары экономика министрине эки жумалык мөөнөттө экспорттук операциялар үчүн сатыктан салыкты алып таштоо боюнча ченемдик актыны жана бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу боюнча тийиштүү документтерди Өкмөттүн бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте 1 жумалык мөөнөттө ЕАЭБ алкагындагы жарандардын чекарадан өтүү жана эмгекке орношуу механизмдери тууралуу кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү жана тийиштүү маалыматтык материалдарды иштеп чыгуусу тапшырылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигине 1 жума ичинде мигранттар жана жаңыдан келип жаткан жарандар арасында РФ жүрүү жана жумушка орношуунун жаңы тартиби тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана тийиштүү жерлерде маалыматтарды жайгаштыруу милдети жүктөлдү.
Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маминспекциясына 20 күн ичинде ЕАЭБ талаптарына жооп берген ветеринардык көзөмөл тутумун таануусу үчүн аудитти жыйынтыктоо жана тийиштүү жабдууларды алып келип орнотууну камсыздоо жүктөлдү.
Үстүбүздөгү жылдын 22-майына дейре Саламаттыкты сактоо министрлигине МБК, МСК, МЧК жана Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маминспекциясына өткөрүү пункттарында тийиштүү жабдууларды орнотуу, анын ордун аныктоо жана бул боюнча толук кандуу иштерди баштоо тапшырылды.
Премьер-министр белгилегендей, жогорудагы милдеттер өз учурунда жана сапатсыз аткарылгандыгы үчүн ведомство жетекчилери жоопкерчиликти тартат, мында ар-бир жетекчинин жеке жоопкерчилиги каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине интеграциялык шлюз алкагында маалыматтык тутумдарды ишке киргизүү үчүн тийиштүү жабдууларды жана программалык камсыздоолорду алып келүүнү тездетүү тапшырылды. Ошондой эле 2015-жылдын 10-июнуна дейре министрлик Кыргыз Республикасында “Электрондук Өкмөт” тутумун киргизүү боюнча кадамдык планды даярдоосу тийиш. Аталган тапшырманын өз мөөнөтүндө жана так аткарылышын Темир Сариев жеке көзөмөлүнө алды.
[su_carousel source="media: 55029,55030,55031,55032,55033,55034,55035,55036,55037,55038,55039" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү