11
Август
2015
Премьер-министр Темир Сариев Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын ишке берүүгө даярдык боюнча жыйын өткөрдү
Бүгүн, 10-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын ишке берүүгө даярдык боюнча жыйын өттү. Жыйын жүрүшүндө, Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев учурда Датка-Кемин линиясында иштер толугу ушул жылдын 20-августуна чейин бүткөрүлүп, атайын комиссия өткөрүп аларын билдирди. Ошондой эле Кубанычбек Турдубаев аталган жогорку чыңалуудагы линияны өткөрүп алууда бардык талаптарды сактоо жана сапатына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын ушул жылдын 31-августуна чейин толугу менен бүткөрүп, ишке берүү керектигин белгиледи.
“Бул долбоордун Кыргызстан үчүн мааниси чоң. Себеби, Датка-Кеминдин бүтүшү менен өлкө энергетикалык эгемендикке ээ болот. Ошондуктан, Кыргызстандын көз карандысыздык күнүн алдында толук кандуу ишке берүү абдан маанилүү”-деди Темир Сариев.
Жыйындын жүрүшүндө электр энергетика тармагындагы техникалык жоготуулар тууралуу маселе талкууланды. Премьер-министр Датка-Кемин сыяктуу жогорку чыңалуудагы линиянын ишке кириши менен тармактагы техникалык жоготууларды азайтуу зарыл экенин белгилеп, бул жаатта коррупциялык иш-аракеттерге каршы күрөштү күчөтүүнүн маанисин белгиледи.
Буга чейин ар бир бөлүштүрүүчү компанияга техникалык жоготууларды төмөндөтүү боюнча жекече план иштеп чыгуу тапшырылганын эске салган Темир Сариев жакынкы аралыкта бул иштин жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынарын эскертти.
Эске салсак, Премьер-министр Темир Сариев 2015-жылдын аягына чейин Кыргызстандын Улуттук электр тармактар ишканасына (ЛЭП 500/220/110 кВ) техникалык жоготууларды 5%га чейин, бөлүштүрүү компанияларынын түйүндө (ЛЭП 35/10/6/0,4 кВ) жоготууну 14%га чейин төмөндөтүү тапшырмасын берген.
Учурда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынындагы энергетикалык тармактагы жалпы техникалык жоготуулардын саны учурда 22%ды түзөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү