12

Июнь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Экспортту өнүктүрүү Өкмөттүн негизги максаттарынын бири”

Бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргызстанда экспортту өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга планын талкуулоо форумуна катышты. Иш-чарага мамлекеттик органдардын кызматкерлери,  ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана Германия жана Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчилери катышты.

Жыйынды ачып жатып, Премьер-министр Темир Сариев Экономика министрлиги иштеп чыккан экспортту өнүктүрүү планынын мааниси чоң экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалы абдан жогору экенин билдирди.

“Өлкөбүздүн экспортун жогорулатууга бизнестин катышуусу да өтө маанилүү экендиги шексиз. Биз ата мекендик экспорттоочулардын күтүүлөрүн эске алып, азыркы шарттарды өздөрүнүн потенциалын эң натыйжалуу өнүктүрүүгө жана пайдаланууга жардам көрсөтүүгө тийишпиз”-деди Темир Сариев.

Премьер-министр кошумчалагандай, аталган план Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу мезгилинде өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн так аныктап, аны өнүктүрүү жолдорун камтыйт.

Темир Сариев экспортту өнүктүрүү планынын алкагында кайра иштетүү, тигүү, экспорттук кызмат көрсөтүү тармактарын өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин билдирди.

Мында Өкмөттүн эң негизги өнөктөшү ишкер чөйрө экенин белгилеген Премьер-министр мамлекет ишкерлер менен тең ата мамиле түзүп, тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты.

Ошондой эле Темир Сариев экспорттук тармакта атаандаштыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

“Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2014-жыл үчүн отчетунда Кыргызстан глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча 144 өлкөнүн ичинен 108-орунду ээлегендиги көрсөтүлгөн. Мындай жыйынтык бизди канааттандырбайт. Биздин негизги соодалык өнөктөштөрүбүз – Орусия жана Казакстан -  тиешелүүлүгүнө жараша 53 жана 50-орунду ээлешет. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктөгү биздин позицияларды күчөтүү үчүн көп иштерди жасоо зарыл, атап айтканда менчик укугун коргоону чыңдоо, мамлекеттик башкаруу органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшүү, билим берүүнүн сапатын, жолдордун жана чек арадагы өткөрүү пункттарынын абалын  жакшыртуу, азыркы улуттук сапат инфратүзүмүн түзүү боюнча иштерди аткарышыбыз керек”-деди өкмөт башчысы.

Премьер-министр Темир Сариев экспортту өнүктүрүүнү өкмөт негизги багыттарынын бир катары аныктап, бизнес үчүн керектүү шарттарды түзүп, инсфракструктураны оңдоо жана аталган тармактагы соода процедураларын жеңилдетүү боюнча иштери аткарылып жатканын кошумчалады.

[su_carousel source="media: 57381,57382,57383,57384,57385,57386,57387,57388" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү