25
Декабрь
Премьер -министр Темир Сариев: «Элдин бийликке болгон ишенимин арттыруу үчүн жергиликтүү бийлик органдары бардык аракетти көрүүсү зарыл»
Бүгүн, 25-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери-акимдер, шаар мэрлеринин катышуусу менен жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде аймактарда жаңы ишканаларды пайдаланууга киргизүү маселеси каралды. Жыйынды ачып жатып, Темир Сариев өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясий абал боюнча маалымат берип, алдыда турган милдеттер тууралуу айтып берди.
Премьер-министр Темир Сариев учурда дүйнөдөгү экономикалык кырдаал абдан оор болуп жатканын белгилеп, мындай учурда бийликтин бардык органдары өз ишин күчөтүшү зарыл экенин билдирди.
Премьер-министрдин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 9 айында экономикалык өсүш 3, 6 пайызды түздү жана инфляциянын деңгээли 2,5 пайыз денгээлинде болгон.
Темир Сариев экономиканы ушул деңгээлде сактоо жана социалдык милдеттерибизди аткаруу үчүн аракет көрүү зарылдыгын белгилеп, бул иште аймактардын ролу чоң экенин билдирди.
«Өкмөттүн бардык милдеттерин аткарыш үчүн жергиликтүү бийлик органдары активдүү жана мезгил талаптарына жооп бергендей иштеши керек. Элдин бийликке болгон ишенимин арттырып, бардык жарандардын бакубат, коопсуздукта жашашына шарт түзүү керек. Бул биздин негизги милдетибиз болушу керек», - деди Темир Сариев.
Премьер-министр быйылкы жылы бюджетти түзүүдө реалдуу секторго, өнүгүүгө басым жасалганын билдирди. Бул багытта жаңы ишканаларды ачуу менен калкты жумуш менен камсыз кылуу багытында ишти күчөтүү зарылдыгын билдирди.
Темир Сариев учурда жергиликтүү бийлик органдардын, акимдердин жетиштүү ыйгарым укуктары бар экенин белгиледи.
«Учурда акимдердин жетиштүү деңгээлде ыйгарым укуктары бар. Эгер кимде-ким өз ишин жөндөй албаса, өз арызы менен кызматын өткөрүшү керек», - деди Темир Сариев.
Премьер-министр учурда дүйнөдөгү коопсуздук маселелери курч турганын жана бул маселеге жергиликтүү бийлик органдары өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Темир Сариев быйылкы жылы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнестеги атаандаштыкты күчөтүү учурдагы экономиканын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири экендигин билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда тике чет элдик инвестициялардын көлөмү 15 пайызга көбөйүп, 642 миллион долларды түзгөн.
Бул багытта Жалал-Абад облусу, Бишкек шаары жакшы көрсөткүчкө ээ болуп, начар көрсөткүч Талас облусуна туура келет. Бул облуста тикелей инвестициялардын түшүү көлөмү былтыркы жылдын 2 % гана түзгөн, ал эми Чүй облусунда 13%ды түздү.
Ал эми Ош шаарында быйылкы жылдын 9 айында бир доллар да тикелей чет элдик инвестиция тартылбагынын Темир Сариев сынга алды.
Премьер-министр ошондой эле облус губернаторлору жана район акимдеринин ишин баалоонун дагы бир көрсөткүчү аймактардан келген кат жана кайрылуулар болоорун билдирди.
«Быйылкы жылдын 11 айында Өкмөттүн аппаратына кайрылуулардын саны былтыркы жылга караганда 81% пайызга көп болгон. Мындан губернатор жана акимдер калк менен жолукпай, элдин үнүн укпаганынан кабар берет. Маселелер жеринде чечилбегендиктен жарандар Өкмөткө кайрылууга аргасыз болууда деген жыйынтык чыгарууга болот», - деди Темир Сариев.
Темир Сариев Өкмөт алдында жаңы ишкана ачуу же токтоп калганды жандантып коюу гана эмес, атамекендик компаниялар атаандаштарга караганда сапаттуу жана жакшы товар өндүрүүсүнө шарт түзүү милдети да турганын белгиледи.
[su_carousel source="media: 68895,68894,68899,68907,68896,68908,68906" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү