24
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев: “Элибиз мындан ары туруктуу жана үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз болот”
Бүгүн, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Чүй облусуна иш сапарынын алкагында “Газпром-Кыргызстан” ЖЧКсынын газ өткөрмө тутумунун обьекттери менен таанышты.
Алгач Премьер-министр Темир Сариев Москва районунун Беловодское айылында “Газпром-Кыргызстан” компаниясынын Бишкек жана Чүй облустарын 2015-2019-жылдарга газ менен камсыз кылууну өнүктүрүү планы менен таанышты. Анын жүрүшүндө “Газпром” ААКсынын башкармалыгынын төрага орун басары, “Газпром-Кыргызстан” ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Виталий Маркелов менен “Газпром-Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаев аталган планды ишке ашыруу боюнча маалымат берди.
Болот Абилдаевдин айтымында, учурда Бишкек шаарында узундугу 1089 чакырым газ түтүкчөсү колдонулуп, 169 миң үй жана имарат газ менен камсыздалган. 2019-жылдын аягына чейин дагы 33 чакырым газ түтүкчөсү курулуп, 40 миңден ашык үй жана имарат газ менен камсыздалат. Мындай жол менен алдыдагы үч жыл аралыгында “Газпром-Кыргызстан” 36 миллиард рубль жумшап, 2019-жылга чейин Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагынын 69,7 пайызын газ менен камсыз кылууну пландап жатат.
Анын алкагында Бишкек шаарындагы 22 жаңы конуш жана Чүй облусундагы 42 айыл жаратылыш газы менен камсыз болмокчу. Муну менен катар өлкө аймагындагы газ түтүкчөлөрү жаңыртылат.
Премьер-министр Темир Сариев өз сөзүндө “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын ишин жогору баалап, Кыргызстанда ишке ашырып жаткан долбоорлору үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, “Газпром” сыяктуу дүйнөлүк ири компаниянын келиши Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ.
“Газпром-Кыргызстан” компаниясы Кыргызстандын газ инсфрактурасын өнүктүрүүгө 100 миллард рубль салууну убада кылган. Алдыдагы үч жыл аралыгында “Газпром-Кыргызстан” Бишкек жана Чүй облусунун аймагынын 70 пайызын газ менен камсыз кылууну пландап жатат. Ал жаратылыш газы жетпеген Ысык-Көл, Нарын облусу сыяктуу аймактарга суюлтулган газ камсыз кылуу боюнча иштер аткарылат. “Кыргызгаз” ишканасын “Газпромго” сатууда айрым адамдар чочулап, бул демилгени сындап чыгышкан эле. Бирок учурда ал чочулоолор негизсиз экени анык болуп жатат. Эң негизгиси, мындан ары элибиз туруктуу түрдө, үзгүлтүксүз газ менен камсыз болот”-деди Темир Сариев.
Премьер-министр өлкө түштүгүн үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу милдетин “Газпром-Кыргызстан” ишканасы моюнуна алганын, бул багытта бир катар долбоорлор ишке ашаарын кошумчалады.
Андан соң Премьер-министр Темир Сариев Бухара газ-насостук району: “Ташкент-Бишкек-Алматы” аталышындагы магистралдык газ түтүкчөсүнүн оңдоо иштерине даярдыктар менен таанышты. “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын башкы директору Болот Абилдаевдин айтымында, узундугу 1585 чакырымды түзгөн газ кууру Борбор Азиядагы ири газ-түтүк системасы катары саналат. Жылына 12 милллиард метр куб газ жаратылыш өткөрүүгө ыңгайлашкан бул система Сокулук газ компрессордук станциясы аркылуу өтмөкчү. Учурда толугу менен оңдоодон өткөрүлүп жаткан бул компрессордук станциянын иши менен Премьер-министр Темир Сариев иш сапар алкагында таанышты.
Сапардын жүрүшүндө Темир Сариев Бишкек шаарындагы жаңы конуштарды газ менен камсыз кылуу үчүн генералдык планды тактоо боюнча иштерди тездетүүнү шаардык мэрия жана Өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине тапшырды.
[su_carousel source="media: 58067,58068,58069,58070,58071,58072,58073,58074,58075,58076,58077,58078,58079,58080,58081" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү