07
Август
Премьер-министр Темир Сариев: “Элибизге жашоосун жеңилдетип, ыңгайлуу шарт түзүп берүү керек”
Бүгүн, 7-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүндөгү жолдун курулушу менен таанышты. Премьер-министр учурдагы Өкмөт шаардагы ички жолдорду куруу жана оңдоодон өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, мындай иштер улантыларын билдирди. Премьер-министрдин айтымында, быйыл өлкө бюджетинен жергиликтүү маанидеги ички жолдорду оңдоого кошумча 1 миллиард сом каралды. Бул каражаттын эсебинен Ысык-Көл облусунда 15 чакырым жол курулуп жатат, анын 10 чакырымы Каракол, 3 чакырымы Балыкчы жана 2 чакырымы Чолпон –Ата шаарында курулууда.
“Элибизге жашоосун жеңилдетип, ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн эң алгач жолдорду оңдоо керек. Жол оңолсо элибиздин маанайы көтөрүлүп, оңолот. Өкмөт бул жаатта активдүү иш алпарып жатат. Бирок жолдордун сапатына өзгөчө көңүл буруп, өз убагында бүткөрүү керек”-деди Темир Сариев.
Мындан соң Темир Сариев Каракол шаарындагы “Жылуулук” ишканасынын ондолуп жаткан имарат менен таанышты. Аталган ишкана шаардагы эки кичи райондогу көп кабаттуу турак жайларда жашаган 2527 абоненттерин жана төрт бюджеттик мекемени жылуулук менен камсыздайт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жылуулук сезону башталганча оңдоо иштери бүткөрүлөрүн кабарлады. Темир Сариев өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырма берип, октябрь айында келип текшерерин билдирди.
Андан ары Жети-Өгүз районундагы Жон-Булак жана Кызыл-Суу айылдарында курулуп жаткан мектептердин курулушу менен таанышты. 225 окуучуга ылайыкташкан Жон-Булак айылындагы мектептин курулушу жай журуп жатканын сынга алды. Каражат өз убагында бөлуүбөй жатканын уккан Премьер-министр Каржы министрлигине жеринде байланышып мектеп курулушун камсыздоого каралган каражатты тезинен бөлүүнү тапшырды.
Ошондой эле мектеп куруу долбоорунда таза суу, дарааткана киргизилбегенине көңүп буруп Премьер –министр муну тезинен долбоорго киргизүүнү тапшырды.
«Биз мектеп салган соң баардык шарттары болуш керек. Жаңы курулуп жаткан ар бир мектепте таза суу, даараткана, ашкана жана спорттук зал болушу керек. Ошондуктан, курулуп жаткан ар бир мектептин долбооруна ушул сыяктуу шарттар каралсын»-деди Темир Сариев.
Кызыл-Суу айылындагы мектептин курулушу менен таанышкан Премьер-министр Өкмөт окуучуларга сапаттуу билим берүү үчүн шарттарды түзүүгө аракет көрүп жатканын белгиледи. Таанышуу жүрүшүндө мектеп мугалимдери менен баарлашып билимдин сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу керектигин Темир Сариев билдирди.
[su_carousel source="media: 60973,60974,60975,60976,60977,60978,60979,60980,60981,60982,60983,60984,60987,60969,60968,60967,60966,60965,60964,60963" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү