08
Сентябрь
Премьер-министр Темир Сариев Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты
Бүгүн, 8-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Беларусь Республикасынын Гродно шаарындагы Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Премьер-министр кеңештин тартипти жана кенири чөйөдөгү жыйынына катышты.
Жыйын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын бул уюмга толук укуктуу мүчө болуп кошулуусу менен куттуктады.
Кеңири чөйрөдөгү жыйында сүйлөгөн сөзүндө Премьер-министр Евразия экономикалык биримдиги дүйнөдөгү ири жана динамикалык жактан өнүгүп жаткан уюмдардан экенин белгилеп, уюмдун эл аралык чөйрөдөгү ишмердигин өнүктүрүү үчүн мүчө өлкөлөрдөн жигердүү аракеттер талап кылынаарын билдирди.
Темир Сариев үстүбүздөгү жылдын 12-августунан тарта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөсу болуп, чек арадагы бажы көзөмөлү алынганын эске салып, бирок учурда Кыргыз Республикасынан биримдиктин башка өлкөлөрүнө товарларды эркин жүгүртүүсүндө маселелер жаралып жаткандыгын белгиледи.
«Мындай кырдаал техникалык маселелер менен байланыштуу деп эсептейбиз. Бирок биздин өнөктөштөрдөн көрсөтүлгөн учурда дыкаат көңүл буруп, Кыргыз Республикасынан ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө багыт алган товар жана адамдарга карата дискриминацияга жол берилбеши үчүн чараларды көрүүнү өтүнөбүз. Биздин жарандарыбыз ЕАЭБге кошулуунун бардык оң тараптарын, анын ичинде ветеринардык көзөмөлдүн алынып салынышын жана кыргыз тараптын ветеринардык көзөмөл системасынын таанылышын сезиши керек», - деди Темир Сариев.
Муну менен катар Темир Сариев эт, куш эти жана сүт азыктарына тарифтик квоталарды аныктоо чечимин тездетүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясына тапшырма берүүнү жана бул маселенин Кыргызстан үчүн социалдык мааниси жогору экенин белгилеп, чечимдин 2015-жылдын 1-октябрына чейин күчүнө кирүүсүн сунуштады. Ошондой эле дүйнөлүк экономика кризистик учурду башынан өткөрүп жатканда биримдик ичиндеги кызматтыштыкты кенейтип, айыл чарба кооперациясы жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарлар үчүн бирдиктүү ветеринардык жана санитардык нормаларды иштеп чыгууну сунуш кылды.
Өз сөзүндө Премьер-министр ЕАЭБ туш болуп жаткан жаңы чакырыктардын шартында биримдик мүчөлөрү ЕАЭБдин негизги принциби болгон өз ара пайдага негизделген кызматташтык жана бардык тараптын кызыкчылыгына төп келген тең ата мамилени сактоого басым жасоо зарылдыгын белгиледи.
[su_carousel source="media: 62992,62993,62994,62995,62996,62997,62998,62999,63000,63001,63002,63003,63004,63005,63006" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү