21

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев Финансы министрлигинин коллегиясына катышты

Бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев  Финансы министрлигинин 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгына арналган коллегиясына катышты. Коллегиялык жыйында министрликтин жетекчилиги 2015-жылдын алгачкы алты айында республикалык бюджетти аткаруу боюнча маалымат берди. Тиешелүү жетекчилердин маалыматын уккан Премьер-министр Финансы министрлигин аткарган ишине баа берип,  тармактагы көйгөйлүү маселелер жана кемчиликтерди белгиледи.

Темир Сариев айрым мамлекеттик органдар республикалык бюджеттен каралган каражатты өз убагында колдонбой, айрым иштер аткарылбай жатканы токтолду.

“Былтыркы жылы бюджеттен бөлүнгөн 6,2 миллиард сом өз убагында колдонулган эмес. Учурда мындай каражат 2,4 миллиард сомду түзүүдө. Ошол эле учурда бюджеттин дефицитин жаап, айрым министрликтерде айрым ресурстарды үчүнчү кварталдан экинчи кварталга жылдыруу каралып, бир катар маселелер жаралып жатат. Муну менен катар дебитордук карыздардын көлөмү  өсүп жатат. Мындай кырдаал финансылык секторду бир катар маселелердин бар экенин жана аларды чечүү зарылдыгын көргөзүп жатат”-деди Премьер-министр Темир Сариев.

Буга байланыштуу Премьер-министр Финансы министрлигине бюджеттин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жана эффективдүүлүгүн арттыруу боюнча тапшырма берди.

Муну менен катар Темир Сариев бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эффективдүү пайдаланылышына басым жасоо зарылдыгын билдирди. Премьер-министрдин айтымында, бюджеттин 60 пайызга жакыны социалдык төлөмдөрдү төлөөгө каралып жатат. Учурда өлкө боюнча 440 миңден ашык адам социалдык жөлөкпул алат. Премьер-министр мамлекеттин каражатты карап отургандардын санын көбөйтпөй, чыныгы муктаж болгондорго адрестик жардамды күчөтүү зарылчылыгын Темир Сариев белгиледи.

“Билим берүү тармагына бюджеттин 20,6 пайызы, социалдык тармакка 26,5 пайыз бөлүнөт. Бирок анын кайтарымы, жыйынтыгы болуп жатат?, Билим берүүнүн сапаты кандай?  Бул чоү суроо.Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жакшы эмес тенденцияны көрсөттү. Ошондуктан, Финансы министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге бөлүнгөн каражаттын ээфективдүүлүгүн карашы керек”-деди Премьер-министр.

Ошол эле учурда Темир Сариев Финансы министрлигинин бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтып, коррупцияга каршы чараларды күчөтүү тапшырмасын берди.

“Мамлекеттик органдар бюджеттен бөлүнгөн каражатты алууда эч кандай бюрократиялык тоскоолдуктарга кабылбашы керек. Алар акчаны бөлдүрөм деп күн сайын Финансы министрлигине келбей, министрликтин расмий сайтында жарыяланган графиктин негизинде белгиленген мөөнөттө акчаны эч кандай тоскоолдуксуз алышы зарыл. Бул жерде коррупциялык көрүнүштөрдү катуу жазалап, бюрократиялык убаракерчиликтен улам  мыйзамсыз иштер болбошу керек ”-деп билдирди Темир Сариев.

Учурда өкмөт ички жана сыртка резервдерди мобилицизациялап, өлкө эконмикасын өнүктүрүүгө бардык күч аракетин жумшап жатканын билдирген Темир Сариев жакынкы аралыкта энергитикалык, танспорттук потенциалдык өнүктүрүү үчүн ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканын кошумчалады. Буга байланыштуу Финансы министрлигине инвестициялык долбоорлорду эффективдүү ишке ашыруу көңүл буруу тапшырмасы берилди.

[su_carousel source="media: 59917,59918,59919,59920,59921" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү