23
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев: «66 өлкө менен визасыз режим өзүн-өзүн актады”
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016 - 2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорду талкуулаган Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Премьер-министрдин айтымында, 66 өлкө менен визасыз режимди киргизүү менен өлкөгө келген туристтердин саны 2,5 эсеге көбөйгөн.
“Бүгүн Европанын бир катар мамлекеттери, ошондой эле Малайзия, Сингапур жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр менен визасыз режимди киргизүү өзүн-өзү актады деп ойлойм. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көптөгөн чет өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга турист катары келип жатат. Эгер биз азыр бир тараптуу аталган режимди бузсак, туура эмес болот жана биз ага барбайбыз”, - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр дүйнөдөгү акыркы абал жана коопсуздук маселелеринен улам чек арада көзөмөл күчөтүлөрүн кошумчалады. Муну менен катар Темир Сариев келечекте электрондук виза даярдоо сунушу караларын билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү