20
Июнь
2015
Премьер-министр Темир Сариев: «Шаардыктар борбор үчүн жеке жоопкерчилигин сезүүсү керек»
Бүгүн, 20-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарынын унаа жолдорундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Тактап айтканда, Премьер-министр Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү аткарылып жаткан иштерди көзөмөлгө алды. Графикке ылайык, аталган тилкенин оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 1-августуна дейре жыйынтыкталышы тийиш.
Өкмөт башчы ошондой эле Түштүк магистралдагы жер астындагы көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Мэрияда маалымдашкандай, курулуш иштери ноябрь айына жетпей бүткөрүлүшү керек. Объектинин наркы миллиарддаган сомго бааланууда. Каражат Кытай тараптан берилген грант эсебинен бөлүнгөн.
Рейддин жүрүшүндө Премьер-министр оңдоосуна 80 млн сом бөлүнгөн Патрис Лумумба көчөсүн карап чыкты. Темир Сариев күркөлөр жана техникалык камсыздоо станциялары жайгашкан жердеги тротуарлардын абалын кескин сынга алды.
Мындан тышкары Өкмөт башчы “Бишкек-Кой-Таш жолун реконструкциялоо планы менен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев бул жолду оңдоо иштери 25-июндан тарта башталаарын маалымдады.
Темир Сариев аталган жолдун шаар жана Чүй облусу үчүн мааниси чоң экендигин белгилеп, курулушту сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. “Аталган жол айланасында мыйзамсыз курулуштар бар, алардын бардыгын соттун чечиминин негизинде түрттүрүү зарыл. Бир адамдын кызыкчылыгын ойлойбуз деп, миллиондогон шаарлыктарга ыңгайсыздык жаратпашыбыз керек», — деп билдирди Өкмөт башчы.
Ошол эле учурда Темир Сариев Бишкек шаарынын мэрине борбор калаадагы тазалыкка өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү