29
Май
Премьер-министр Темир Сариев жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады
Бүгүн, 28-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Темир Сариев белгилегендей, Кыргызстан жана Беларусь өлкөлөрүнүн ортосунда эки тараптуу кызматашууну өнүктүрүүнүн чоң мүмкүнчүлүгү бар. «Кыргыз Республикасы Беларусь республикасы менен келечекте өзара ишеним артуу жана кызыкчылыктардын эске алынуусунун негизинде кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берет. Биз эки мамлекет аралык кызматташуунун кеңейтилишине кызыкдарбыз», – деди ал.
Темир Сариев эскертип өткөндөй, Кыргыз-белорус соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиясынын иши кайрадан жанданды.
Өкмөт башчы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусу жөнүндө келишимди ратификациялоо процессин тездетүү зарылдыгын белгиледи.
Андрей Кобяков өз кезегинде Белорусь Республикасы Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. «Биз учурдагы кыргыз-белорус кызматташуусунун бардык мүмкүндүгүн иш аракетке киргизүү үчүн колдон келген аракетти кылабыз», – деди белорус делегациясынын башчысы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү