24
Август
2015
Премьер-министр Темир Сариев: “Интернетке тараган тасмадагы жол кайгуул кызматкерлери бүткүл Ички иштер системасынын кадыр-баркына көлөкө түшүрдү”
Бүгүн, 24-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Жол кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченкону кабыл алып, интернетке тараган Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматкерлери катышкан окуя боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында Премьер-министр жол кайгуул кызматкерлери катышкан тасма коомдук резонанс жаратканын билдирип, кызматкерлердин мындай жүрүш-турушу бүтүндөй Ички иштер системасынын дискредитациялап, кадыр-баркына көлөкө түшүргөнүн билдирди.
“Элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу боюнча бардык аракет көрүлүп жатса, формачан адамдардын мындай жүрүш-турушу Ички иштер системасынын кадыр-баркына көлөкө түшүрдү. Ошондуктан, тыкыр кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тасмадагы факттар аныкталса, аталган кызматкерди иштен алуу эле жетишсиз. Аны бардык наамдарынан ажыратып, мындай абалга жол берген жетекчилер жазаланышы керек. ”-деди Темир Сариев.
Темир Сариев өлкөдөгү бардык ички иштер бөлүмдөрүндө офицердик жыйындарды өткөрүүнү Ички иштер министрине тапшырды. Премьер-министрдин айтымында, бул окуядан бардык укук коргоо кызматкерлери тиешелүү жыйынтык чыгарып, сабак алышы керек.
Ички иштер министри Мелис Турганбаев интернетке жайылтылган окуя боюнча кызматтык иликтөө башталып, ага катышкан кызматкерлер жумуштан алынган билдирди. Ошондой эле иликтөө жыйынтыгы менен кошумча чаралар көрүлүп, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги караларын убада кылды.
Муну менен катар Темир Сариев жол коопсуздугун сактоону күчөтүү боюнча чаралар жетишсиз болуп жатканын билдирип, бул жаатта ишти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Премьер-министр Жол-кайгуул кызматын реформалоо боюнча тапшырма бергенин эске салып, бирок Ички иштер министрлиги сунуштаган долбоор сапатсыз болуп жатканын кабарлады. Ошондуктан, муну тез арада кайрадан иштеп чыгууну тапшырды.
Ошондой эле жол-кайгуул кызматкерлеринин өздүк унаасы менен кызматка чыгышы мүмкүн эмес экенин Темир Сариев белгиледи.
“Кызматтык унаа жетишпей жатса, аны мыйзамдуу чараларын көршүбүз керек. Кызматкер өзүнүн унаасы менен турбастан, аны каттоого алып, нөөмөттө турган мезгилде атайын белгилерди чаптап, айдоочулар анын кызматтык унаа экенин билиши керек”-деди Премьер-министр.
Буга байланыштуу аталган маселени чечүү үчүн кыска мөөнөттүн ичинде тиешелүү чараларды иштеп чыгууну Ички иштер министрлиги менен Жол кайгуул кызматына тапшырды.
Ошону менен бирге саналуу күндөрдөн соң жаңы окуу жылы башталарын эскертип, жол кырсыктарын азайтуу боюнча коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырмасын берди.
[su_carousel source="media: 61845,61846,61847" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү