17

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Ишкерликке шарт түзүү жана инвестициялык климатты жакшыртууга бардык аракет жумшалат»

Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Биринчи радионун толкунунда түз ободо жарандардын суроолоруна жооп берди.

Түз ободогу берүүнүн жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес жүргүзүүгө түзүлүп жаткан шарттар боюнча айтып, жарандар менен баарлашты.

Темир Сариев  Өкмөт Кыргызстанды “бизнес үчүн бейишке айландыруу” деген ураан алдында бизнес ачуу жана жүргүзүү үчүн бардык шартты түзүү боюнча иштерди аткарып жатканын билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, мындай чара тышкы жана ички инвестицияларды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

“Инвестиция тартуу дегенде бир гана каражатты түшүнбөстөн жаңы технология, жаңы башкарууга жол ачкан технологияны өлкөгө алып келип жайылтууну түшүнүшүбүз керек. Бул үчүн мамлекетте туруктуулук болуп, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу зарыл. Ар бир инвестор Кыргызстанда салган каражатынын коопсуз экенин жана кайтарылышына бекем ишенип, жергиликтүү калк менен жакшы мамилени түзүүсү зарыл. Учурда Өкмөт дал ушундай шарттарды түзүп берүүнүн үстүндө иштеп жатат”, - деди Темир Сариев.

Премьер-министр учурда дүйнөдө өтө чоң атаандаштык бар экенин айтып, Кыргызстан дүйнөлүк экономикада өз ордун табышы маанилүү экенин билдирди. Темир Сариев акыркы учурда негизги эл аралык рейтингдерде  позициясы жакшырып жатканын белгилеп, аны дагы жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү зарылдыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан быйыл бизнес жүргүзүү жеңилдиги боюнча Индексте (Doing Business) 189 өлкө ичинен 67-орунда, мүлктү каттоо боюнча 6-орунда, курулушка 20-орунда, насыя алуу жеңилдиги 280-орунду ээлеген.

Муну менен катар Темир Сариев ишкерликке шарт түзүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен ишканаларга кошумча нарк салыгы боюнча жеңилдиктер  узартылганын, лизингдик компаниялар кошумча нарк салыгы, киреше салыгы жана сатуудан түшкөн салыктардан бошотулганын, тейлөө жаатындагы жана коомдук тамактануу жайлары салык төлөөнүн келишимдик системасына өткөрүлгөнүн, курулуш тармагындагы ишкана жана ишкерлерге аныкталган салык коюлганын билдирди.

Муну менен катар Темир Сариев ишкерликке бут тоскон ар кыл бюрократиялык тоскоолдуктар азайтылып, ашкере текшерүүлөр кыскартылганын билдирди. Өнөр жай жана кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бурулаары белгиленди.

Ошондой эле Премьер-министр ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүү менен бирге бизнестин социалдык жоопкерчилиги бар экенин эске салып, ишкерлерди мыйзамдарды так сактоого чакырды.

Премьер-министр Темир Сариев түз ободогу маектен соң КТРКнын оңдоодон өткөрүлгөн кеңсеси менен таанышты.

[su_carousel source="media: 66784,66785,66786,66787,66788" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү