04

Декабрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Калкка жеткиликтүү жана заманбап мамлекет кызмат көрсөтүүнү кыска убакытта камсыз кылуу керек”

Бүгүн, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында калкты тейлөө борборлорун түзүү жана жарандарга тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга арналган жыйын өттү.

Жыйын жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев жарандарга сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик тейлөө көргөзүү мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, кыска убакыттын аралыгында аны камсыз кылуу зарылдыгын билдирди.

“Маалыматтык технологиялар өнүккөн мезгилде ар бир жаран мамлекеттен көрсөтүлчү тейлөөнү эч кандай кыйынчылыксыз алууга тийиш. Ал үчүн негизги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр автоматташтырылып, эч кыйынчылыксыз, тез жана сапаттуу  бирдиктүү борбордон көрсөтүлүшү керек. Бул борборлор калк үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү аймакта жайгашуусу зарыл”, - деди Темир Сариев.

Премьер-министр буга чейин түзүлгөн “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын алдындагы Калкты тейлөө борборлору өз максатына жетпей, калкка учурдун талабына ылайык кызмат көрсөтүүгө жөндөмсүз болуп жатканын билдирди. Ошондой эле аталган тейлөө борборлорунун “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы менен түзгөн келишими иштебей калганын Темир Сариев кошумчалады.

Премьер-министр “Кыргызпочтасы” ишканасын реформалоо создугуп жатканын белгилеп, учурдагы жетекчиликтин ишин сынга алды.

Премьер-министр жаңы үлгүдөгү Калкты тейлөө борборлору 2016-жылы ар бир облус борборунда ачыларын белгилеп, бул тапшырманы тез арада аткаруу зарылдыгын билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы буйругунун негизининде “Инфоком” жана “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканаларынын ортосундагы генералдык келишимдин негизинде Калкты тейлөө борборлору түзүлгөн. Учурда өлкө аймагы боюнча 54 борбору иш алып барат.

Бирок Өкмөт тарабынынан коюлган тапшырмалар толугу менен ишке ашпай, калкка жеткиликтүү жана заманбап шарттарга ылайык кызмат көрсөтүү ишке ашырылбай жатат.

Буга байланыштуу  Калкты тейлөө борборлорунун ишин оптимизациялоо жана  Калкты каттоонун бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде көрсөтүлгөн кызматтардын санын көбөйтүү каралууда. Ага ылайык, Бирдиктүү Калкты тейлөө борбору түзүлүп, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү паспорттоштуруу, жарандык абалды каттоо, транспорттук унаааларды каттоо, адрестик-сурап билүү бюросу ж.б сыяктуу негизги тейлөө түрү камтылмакчы.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин маалыматына караганда, Бишкек шаары, Баткен шаары, Каракол шаарында 2015-жылдын декабрь айында, Токмок жана Ош шаарында 2016-жылдын февраль айында, Талас, Нарын жана Жалал-Абад шаарларында 2016-жылдын биринчи кварталында жаңы үлгүдөгү Калкты тейлөө борбору ачылат.

[su_carousel source="media: 67848,67849,67850,67851,67852,67853,67854,67855" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү