18
Июль
Премьер- министр Темир Сариев "Кемин" подстанциясына жакын курулуп жактан Цемент заводдун курулушун токтотууну тапшырды
Бүгүн, 18- июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер- министри Темир Сариев Чүй облусуна иш сапарынын жүрүшүндө "Кемин" подстанциясына жакын курулуп жактан Цемент заводдун курулушун токтотууну тапшырды.
Премьер - министр аталган заводдон тараган чан подстанциянын чубалгы жана жабдыктарына зыян терс тийгизерин билдирди. "Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугунун маселеси. "Датка-Кемин" долбооруна мамлекет 400 миллион доллар жумшады. Дал ушунча каражат жумшалган долбоорго шалаакалыктын айынан зыян келбеши керек. Ошондуктан, Цемент заводдун курулушун токтотуу керек. Биз мамлекеттин кызыкчылыгын бардык маселеден жогору коюшубуз керек" - деди Темир Сариев.
Премьер- министр буга чейин Өкмөт алдындагы техника экологиялык инспекциясына заводдун курулушун токтотуу тапшырмасы берилгенине карабай курулуш уланып жатканы үчүн түшүндүрмө талап кылды. Бул үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүп буйрукту аткарбаган кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү