17

Ноябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев кинематография кызматкерлерин күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кинематография кызматкерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти төмөндө толугу менен берилди: 

Урматтуу кино кызматкерлери!

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан кыргыз киносунун күнү менен - жана СССРдин эл артисти, кинорежиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер искусствонун эң бир кеңири тараган, ошол эле мезгилде театр, музыка, сүрөт жана адабиятты камтыган эң таасирдүү өнөр ээси болуп келесиздер.

Кыргыз киносунун түптөлүшүнө - тарыхта алтын изи бар белгилүү Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Альгимантас  Видугирис сыяктуу режиссёрлору, кыргыз киносунун учугун баштап, маданиятыбызга зор эмгек өтөгөн. Кыргыз киносунун башатында турган Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты”, “Ак Илбирстин тукуму”, “Кызыл алма” тасмалары кыргыз кино классикасына айланып, кино өнөрүнүн калыптанышына салымын кошкон. Кыргызстан эгемендикти алгандан бери Актан Арым Кубат, Садык Шер Нияз, Марат Сарулу, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров сыяктуу көптөгөн кинорежиссерлордун тасмалары жарык көрүп эл аралык аренага чыга алды. Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы биргелешкен аракети менен ийгиликтерди жарата алышты. Садык Шер Нияздын режиссерлугу алдында “Курманжан Датка” тарыхый тасмасы кийинки мамлекеттик тасмаларга жол ачкан барандуу эмгек болуп калды. Өлкөбүз азыркы учурда жооптуу жана тарыхый чыгарманы жаратууга бел байлап турган учуру. Мамлекеттин колдоосу менен жана сиздердин жардамыңыздар менен “Шаабдан Баатыр” тарыхый көркөм тасмасы тартылып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болот деп терең ишенем. Керемет дүйнөсүнө из калтырып кеткен Төлөмүш Океев менен сыймыктанабыз жана Кино кызматкерлерине түмөн түйшүктүү ишинде түгөнгүс чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                              Темир Сариев