11
Сентябрь
Премьер-министр Темир Сариев: “Өкмөт бизнести негизсиз текшерүүлөрдөн арылтуу боюнча ишти улантат”
Бүгүн, 10-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Өкмөт алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү.
Анда аталган кеңештин 5-июнда өткөн жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, Текшерүүлөрдү кыскартуу жана процедураларын өнүктүрүү сунуштарын иштеп чыгуу боюнча КРнын Экономика министрлигинин алдындагы жумушчу топтун ишмердигинин жыйынтыгы, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн көлөмү боюнча прогноздук пландардын негизсиз аныкталышы жана айлана-чөйрөнү булганышы үчүн төлөм аныктоо механизмин реформалоого байланышкан демилгелер талкууланды.
Жыйынды ачып жатып, Премьер-министр өлкө парламенттик шайлоонун алдында туруктуулукка өзгөчө көңүл буруп, ишкердик жана инвестиция тартууга шартты жакшыртуу зарылдыгын билдирди. Темир Сариевдин айтымында, мындай учурда туруктуулукту сактап, коңшу жана страгетиялык өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчыгыны турат.
“Өкмөт дал ушул тапшырмаларды алдына коюп, туруктуу өнүгүүгө шарт түзүү боюнча иштерди алып барып жатат. Биз үчүн парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүү жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу шартында ишкерлерге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана курч турган маселелерди жумшардуу маанилүү. Бизнес ар кыл саясий олку-солкулуктан, мыйзамдын аткарылбашынан чарчады”-деди Темир Сариев.
Темир Сариев бизнес коомчулукка шартты жакшыртуу үчүн бул тармактагы мыйзамдарды карап чыгуу керектигин билдирди. Премьер-министр бул боюнча атайын эксперттик топ түзүлгөнүн, буга бизнес коомчулукту активдүү катышууга чакырды.
Премьер-министр белгилегендей, учурда Өкмөт инвесторлорду тартуу, лизенция берүүдөгү ачыктыкты камсыз кылып, тоо кен чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу аракети көрүлүп жатат. Темир Сариев айрым саясий партиялар элге лизенциялардын саны боюнча туура эмес маалымат берип жатканын белгилеп, Өкмөт лизенциялардын санын 530дан 90го түшүрүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле Өкмөттүн текшерүүлөрдүн санын азайтуу менен реформаларды жаңы деңгээлге чыгаруу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча иштер жүргүзүүдө. Буга мисал катары Темир Сариев Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бизнести текшерүүсүнө тыюу салынган атады.
«Учурда бул жаатта текшерүүлөрдү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы гана жүргүзөт. Башка органдардын текшерген фактылары болсо аны Өкмөттүн антикоррупциялык саясат бөлүмүнө кайрылуусу керек. Ал эми буга чейин козголгон кылмыш иштери ИИМ жана УКМКдан аталган кызматка өткөрүлүп берди. Ошол эле учурда ишкерлер салып төлөөдөн качпашы керек. Айрым ишкерлер аз гана өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качышат. Бизнес өзүнүн социалдык жоопкерчилигин сезиши керек»-деди Темир Сариев.
Премьер-министр Темир Сариев кеңеш бизнестин маселелерин талкуулоочу ачык аянтча экенин жана мында өкмөт жана ишкерлер бирдей укуктагы өнөктөш экенин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт алдындагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин катчысы Таалайбек Койчуманов кеңештин 2015-жылдын 18-мартында кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы боюнча баяндама жасады. Таалайбек Койчуманов жыйында коюлган тогуз тапшырманын сегизи аткарылганын, анын алкагында ювелирдик, эт чарбасын өнүктүрүү боюнча бир катар өкмөт токтомдору даярдалганын маалымдады.
Темир Сариев бул чечимдерди аткарылышын тездетүү максатында тиешелүү министрликтерге кыска мөөнөттүн ичинде керектүү иштерди алып барууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 63151,63152,63153,63154,63155,63156,63157,63158" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү