25
Февраль
Премьер-министр Темир Сариев «Эгерде Кыргызстан ЕАЭБге кирбесе, экономикалык каатчылык мындан да татаал болушу мүмкүн эле»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөттүн алдындагы Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин жыйынында билдирди.
Премьер-министр Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин кошулушунун тегерегиндеги бир катар талкуулар болуп жатканын белгиледи.
Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулбаса, учурдагы кризистик кырдаалда экономикалык абал мындан кыйын болмок экенин билдирди.
«Бажы биримдигинин сырткы чек арасы жабылып, өндүргөн товарларды сатуучу базарларга эшик жабылып, иш жүзүндө изоляция абалы жаралмак. Муну менен катар Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын девальвациясы шартында ата мекендик товарлардын Евразия экономикалык биримдигине экспорту нөлгө түшмөк», – деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр бул маселелерге кошумча эмгек мигранттарынын, өзгөчө Россия Федерациясындагы мигранттардын абалы көйгөй жаратуучу маселеге айланышы ыктымалдыгын баса белгиледи.
«Ошондуктан Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча суроонун жообу жөнөкөй болушу керек. Экинчиден, Евразия экономикалык биримдигине интеграция алкагында пландалган иш-чаралардын аткарылышы маанилүү. Биз тараптан азырынча Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу интеграциялануу боюнча иш-чаралар толугу менен аткарыла элек», – деп билдирди Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү