23
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев: “Өкмөт Кумтөр боюнча жаңы сунуш берет”
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Премьер-министрдин маалыматы боюнча, 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүнү токтотуу боюнча чечим кабыл алып, бул тууралуу компания жетекчилигине кат жиберилди. Премьер-министр мындай чечимди кабыл алууга “Центерра Голд Инк” компаниясы Кумтөр долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө Кыргызстандын сунуштарына макул болбой, биргелешкен ишкананы каттоо жана корпоративдик башкаруу маселелери, ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги боюнча кыргыз тарап үчүн ылайыксыз эсептелген бир катар сунуштарды берген.
Ошондой эле «Центерра Голд Инк» компаниясы “Кумтөр” кениндеги экологиялык маселелерди чечүү боюнча «АМЕС» компаниясынын сунуштарын аткарууга көнгөн эмес.
“Центерра Голд Инк” компаниясы Кумтөр боюнча биргелешкен ишкананы оффшордук зонада түзүү, аны башкаруу боюнча компанияга берүүнү суранды. Ошондой эле экологиялык төлөмдөрдү 3 миллион долларга чейин көтөрүү боюнча сунушка макул болбой, 1 миллион доллар төлөөнү сунуштады. Буга байланыштуу “Центерра Голд Инк” компаниясы менен “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүнү токтотуу боюнча чечим кабыл алынды”, -деди Темир Сариев.
Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кумтөр долбоору боюнча жаңы сунуштарды берээрин билдирди. Анда негизинен экономикалык жана экологиялык маселелерге басым жасоо менен Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берүүгө ылайыкташтырылышы зарыл экендигин белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү